"Алтын йарук"буддизм динин жайылтуу үчүн кытай тилинен түрк тилине которулуп, уйгур жазмасында жазылган 10-кылымга таандык чыгарма (сутра). 1909–11-жылдары Малов, Сергей Ефимович Чыгыш Түркстандан жана Гансудан байыркы уйгур жазмасындагы кол жазмаларды тапкан, анын ичинде өзгөчө баалуусу уйгурлардын арасында кеңири тараган буддизмдин жазма эстелиги «Алтын йарук.» («Алтын жарык») болгон.

Чыгарманын бир нече нускасын Турпан оазисинен прусс экспедициясы да тапкан. «Алтын йарукту» алгач Бешбалык шаарынын тургуну Сыкоку Сели Тудунг которгон. Сутранын сактап калуучулук күчү бар деген ишеним буддизмди тутунган уйгурлар тарабынан аздектелип, бир канча ирет көчүрүлгөн.
Сутрада кол жазманын качан жана кайсыл жерде көчүрүлгөнү, соопчулук үчүн көчүрүп берүүнү суранган жана көчүргөн адамдын аты-жөнү жазылган. Мисалы «26-жылы жогорку даражалуу Кансинин башкаруу мезгилинде (1687) мен бактысыз Ратка Вачир Шаби, менин ата-энелеримди (ар балээден) кутултуу жана куткаруу үчүн жазып бүтүрдүм» – деген маалымат жазылган. Бул маалыматтар 17–18-кылымдарда уйгурларда буддизмдин таасири бекем сакталып тургандыгын ырастайт.

Адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
  • Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү