Алтын кыштагы
Алтын кыштагы — Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Сарыгоо айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору жана темиржол бекети Карабалта шаарынан 16 км түндүк тарапта. 1920-ж. негизделген. Деңиз деңгээлинен 668 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1001 (2005); жашылча өстүрүүдө, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1