АЛЫМКУЛ Үсөнбай уулу (1896, Талас өрөөнү, Кара - Арча айылы – 1963, Бишкек) – төкмө акын, кыргыз оозеки поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Алымкулдун акындык шыгынын ойгонушуна атасы менен энесинин таасири тийген. 11–12 жашында эле ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына тааныла баштаган.

25–26 жашка келгенде бүтүндөй Талас өрөөнүнө таанымал болгон. Ошол курагында улуу ырчы Токтогул менен жолугушуп, андан таалим алган. Ал 1931-жылы «Арал» колхозуна мүчөлүккө өтүп, ыры менен да, иши менен да колхоз курулушун чыңдоого активдүү катышкан.

1936-жылдан Кыргызстан мамлекеттик филармониясында солист-импровизатор (төкмө ырчы) болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Алымкул элди жеңишке үндөп, советтик жоокерлердин эрдигин даңазалаган патриоттук ырларды чыгарган. Алымкул кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын эң жакшы билген.

Андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандары жазылып алынып, жарыяланган. Алымкул чебер комузчу жана уккулуктуу үнү бар мыкты аткаруучу да болгон. Өзгөчө ал өзүнүн устаты Токтогулдун обон-ырларын өтө мыкты аткарган. Токтогул жөнүндө жазылган бир нече баалуу эскерме калтырган.

Алымкулдун «Ырлар» (1938), «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Согушуп жаткан эрлерге» (1942), «Ырлар жыйнагы» (1947), «Комуз» (1949), «Улуу дос» (1950), «Тынчтык жана эмгек тууралуу ырлар» (1955), «Тоо булбулу» (1956), «Биринчи бригада» (1957), «Тандалган чыгармалар жыйнагы» (1960) жана башка болуп отуздай китеби жарык көргөн. Бир нече ыр китеби орус тилине которулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1938–1963) болгон. Республикада Алымкулдун ысмына коюлган көчөлөр, 3 мектеп бар. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”