Альбитофир, кератофир - структуралык түзүлүшү порфир сымал эффузивдүү тоотек. Альбитофирдин порфирдик бүртүкчөлөрү жана майда кристаллдарынын көпчүлүгү альбиттен турат. Трахит жана андезит лаваларынын метаморфизмделишинен пайда болот. Байыркы эффузивдердин арасында дайка, кичине интрузия, майда шток түрүндө кездешет. Альбитофир көбүнчө имараттардын дубалын кооздоо үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү