Абу Наср ал-Фараби

Ал-Фараби‎»‎ барагынан багытталды)

Абу Наср Мухаммед ибни Мухаммед ибни Тархан ибни Узлаг ал-Фараби ат-Түрки, колдонулма кыскача аталуусу — ал-Фараби (латындаштырылган формада — Alpharabius) ал-Фараби 872-ж.[2],Фараб[1][3]да төрөлгөн — 950-жылдын 14-декабры же 951-жылдын 12-январында Дамаск[1]та каза тапкан . Ал - философ, математик, музыканын теоретиги, чыгыштын ойчулу. Орто кылымдардагы Чыгыш философиясынын чоң өкүлдөрүнүн бири. Ал-Фараби — Аристотель менен Платондун философиялык трактаттарына жазылган чечмелемелердин, түшүндүрмөлөрдүн автору. Аристотелдин баяндарын чечмелеп, түшүндүрүүлөр бере алгандыгынан улам анын кадырлуу аты, б.а, элге таанылган лакабы «Экинчи устат» болгон. Анын эмгектеринин таасири ибн Синада, ибн Баджада, ибн Туфайлда, ибн Рушдда, ошoндой эле ортокылымдагы Батыш Европанын философиясы менен илиминде болгон. Буга далил катары Ибн-Синанын "Мен Аристотелдин Метафизика чыгармасын, ал-Фарабинин ага жазган ачыктамасын окугандан кийин гана толук түшүндүм" деген сөзүн айтсак болот. Ал-Фараби Отрар медресесинде билим алган деген булактар да кеңири колдонулуп келет.

Абу Наср Мухаммед ибни Тархан ибни Узлаг ал-Фараби ат-Түрки
ар. أبو نصر الفارابي
Туулган датасы:

872 жыл(0872)

Туулган жери:

Фараб шаары же Отрар

Өлгөн датасы:

12 -январь 950(0950-01-12)

Өлгөн датасы:

Дамаск, Сирия[1]

Илимиий чөйрөсү:

музыка

Таанылган атагы:

«Экинчи мугалим»

Казакстан Республикасынын 10 000 теңгесиндеги купюра (2003). Ал-Фараби ошондой эле 1 теңге (1993), 1000 теңге (2000) жана 5000 теңге (1998) сыяктуу казакстандык акча белгилерине түшүрүлгөн.

Өмүр баяны

түзөтүү

Фарабинин өмүрү жөнүндөгү кабарлар жарытарлык эмес. Фараби жөнүндө болгон кабарлардын бир бөлүгү, башка чыгаан тарыхый инсандардыкындай сыяктуу эле, уламыштуу болуп саналат. Ишенимдүү белгилүү болгону Фарабинин өлгөн жылы жана анын Дамаскка келген жылы гана, калган даталар болжолдуулар. Мындай себептин чыгышы, Фараби тууралуу биографиялык кабарларды камтыгын так булактар бир топ кечирээк, XII—XIII кылымдарда жаралгандыгы менен байланыштуу. Фарабинин биографтарынын арасынан Бейхакини, Кифти, Ибн Аби Усейбия, Ибн Хелликанды көрсөтсө болот. Кечирээктеги авторлор көрсөтүлгөн авторлордун эмгектеринде билдирилген биографиялык кабарларга таянышкан. XI кылымдын автору Абу Саид ибни Ахмад тарабынан, өткөндүн улуу ойчулдары тууралуу түзүлгөн билдирме эмгегинде Фарабинин мурдагыраак биографиясы келтирилген деген эскерме бар, бирок бул эмгек биздин убакка чейин жетке эмес, жана бөлөк булактардагы цитаталар жана шилтемелер боюнча гана белгилүү.

Фараби Фараб жергесинде (азыр. Отрар, Түштүк Казакстан), Арысь дарыясы Сырдарыяга куюлган жерде төрөлгөн деп эсептелинет[4]. Фарабинин замандашы болгон Ибн Хаукал, Фараб округунун шаарларынын катарына Абу-Наср ал Фараби чыккан Весидж кирерин көрсөткөн.

Анын «Китаб аль музик алькабир» же «Музыка боюнча чоң китеп» аттуу эмгегинде музыканын теориясы, тарыхы, музыка аспаптарында ойноо жана анын ыкмалары жөнүндө айтылган жана музыканы кагазга түшүрүү, нота жазуу боюнча алгачкы түшүнүктөрдү берген. Аристотелди окумуштуу, философ катары Фараби дүйнөгө тааныткан. Себеби, Аристотелдин философиясын билүү өтө татаал болгондуктан, ал Аристотелдин эмгектерине түшүндүрмөлөрдү жазып, анын философиялык системасын өздөштүрүүнү жеңилдеткен. Айрыкча Аристотелдин «Категориялар», «Герменевтика», «Аналитика», «Топика», «Поэтика» жана башка эмгектери Фарабинин түшүндүрмөсү аркылуу гана дүйнөгө тарап, Аристотель философ катары таанылган. Фараби орто кылымдарда биринчилерден болуп, илимге классификациялоо жүргүзгөн.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек 2003.
  • Философия бөлүмүнүн студенти Аллаберди Баратахунов оңдоого чоң салымын кошту. Такталган жана божомолго эң жакын маалыматтарды колдонду.(2023-жыл)

Шилтемелер

түзөтүү
  1. 1.0 1.1 1.2 Dhanani, Alnoor (2007). "Fārābī: Abū Naṣr Muḥammad ibn Muḥammad ibn Tarkhān al‐Fārābī". In Thomas Hockey; et al. The Biographical Encyclopedia of Astronomers. New York: Springer. pp. 356–7. ISBN 978-0-387-31022-0.  (PDF version)
  2. Corbin, Henry (2001). History of Islamic Philosophy. Kegan Paul. ISBN 978-0-7103-0416-2.  Unknown parameter |coauthors= ignored (|author= suggested) (help)
  3. Согласно средневековым мусульманским источникам Фараби умер в возрасте 80 лет в 339 году хиджры.
  4. О родине Фараби см. например Бартольд В. В. Сочинения. М.: Изд-во АН СССР, 1963, т.1., С.234-236, Хайруллаев М. М. Абу Наср ал-Фараби, М.: Наука, 1982, С.41., Касымжанов А. Х. Абу-Наср аль-Фараби. М.: Мысль, 1982, С.7. В то же время, необходимо иметь в виду, что в Трансоксании того времени имелось несколько селений со схожим названием — одно в Мавераннахре юго-восточнее Самарканда, второе на границе Хорасана и Мавераннахра, близь современного Туркменабада, третье рядом с современным Шибирганом, что существенно затрудняет интерпретацию источников.

Калып:Math-bio-stub Калып:Philosopher-stub Калып:Astronomer-stub