Анау эстелиги

Ашхабадга жакын жердеги Анау кыштагында энеолит дооруна таандык турак жай урандысы ачылган. Анда алгачкы дыйканчылыктын калдыктары сакталып калган, көп кылымдардан бери жыйналган, маданий катмардан түзүлгөн жарым километрдей аралыкта жайгашкан эки дөбө бар: Түндүк тарабындагы дөбө энеолитке, түштүгүндөгүсү коло жана темир доорлоруна туура келет. Энеолитке туура келген Анау дөбөсү эки маданий катмардан турат: Төмөнкү байыркы (Анау I) катмары 14 метрге жетип, б.з.ч. IV миң жылдыкка таандык. Жогорку (Анау II) катмары 5 метр келип, б.з.ч. III миң жылдыкка таандык. Анау I-II маданияттарынын денгээли экинчи маданият Намазга-Тепенин төмөнкү катмарларына окшош.

Чарбачылыктын негизин кетмендөө менен жүргүзгөн дыйканчылык ээлеп, буудай, арпа айдашкан, уйду, койду, эчкини көп санда кармашкан, кийинчерээк төө, жылкы жана чочко да колго үйрөтүлгөн. Эмгек куралдар (керки, орок, жаргылчактар) негизинен таштан жасалган, Анау I-II адамдары металл да иштете билишкен. Казылган жерден жез шибегелер, жалбыракка окшош бычактар, төөнөгүчтөр жана кооздук үчүн колдонгон буюмдар, оймо-чиймелүү карапа буюмдары да көп табылган. Көп сандагы үч бурчтуу, ийри сызыктуу оймо-чиймелер да Анау I-II ге мүнөздүү келет. Бул мезгилде чыныга окшош ар түрдүү карапа идиштеринин көп колдонулгандыгы байкалат.

Идиштердеги оймо-чиймелер Пакистандагы энеолиттик идиштердин кооздуктарына окшош келет. Орто Азиянын энеолитинде өлгөндөр коюлуучу жайлардын көбүнчө бош жаткандыгы (буюмдар коюлбай) мүнөздүү, мындай бош мүрзөлөрдү Месопотамиядан да кезиктирүүгө болот. Бул болсо Борбордук Азияда түзүлгөн энеолиттик маданияттын Алдыңкы Азиянын энеолиттик маданияты менен карым-катыш байланышы болгондугун далилдейт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010