АнжыянФергана өрөөнүндө орун алган Өзбекстандын карамагындагы шаар.

Анжыянтопоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. "Манас" эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, Анжыян Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот. Кыргыздардын Манас баштап Алтайдан Ала-Тоого көчүшү да Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжыянга көчөлү деп айтканы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 12) деген тема менен берилет. Андан нары эпосто Анжыянды кыргыз уруулары жердегени айтылып жүрүп отурат. Саякбай Каралаевдин варианты нда А. өтө көп кезигип, аны «айры сакал Сынчыбек» бийлеп, өзү Манаска баш ийип турат. Тарыхый маалыматтарда Анжыян шаары 1282—1306-ж. Тува-хан тарабынан курулгандыгы айтылат (Б. Г. Гафуров. Таджики. II том).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4