Анталкид тынчтыгы (биздин заманга чейинки 387-жыл) - Афины менен Фива жетектеген грек полистеринин коалициясынын жана Спартанын ортосундагы тынчтык келишими. Келишим Коринф согушу (395-387) аяктагандан кийин түзүлгөн жана Спартанын өкүлчүлүгүнүн башчысы Анталкиддин аты менен аталган. Персия алгач Спартага каршы күрөшүп, кийинчерээк Спарта менен бирдикте Афиныга каршы союз түзгөн. Ошондуктан, негизинен Персия тарабынан таңууланган Анталкид тынчтыгынын шарттары боюнча Грекия грек-перс согушунда (биздин заманга чейинки 500-449-жыл) жеңип алгандарынан ажыратылып, Кичи Азия шаарлары кайрадан Ахемениддер династиясынын карамагына өтөт. Анталкид тынчтыгынын шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө Спартага тапшырылып, анын натыйжасында Грекияда Спартанын таасири жогорулаган. Бул келишим Грекияда саясий бытырандылыктын жана ич ара күрөштүн күчөшүнө алып келген. Анталкид тынчтыгынын тексти Ксенофонттун «Грек тарыхында» баяндалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1