Апатия (ден соолук)
Апатия — айлана-чөйрөдөгү окуяларга кайдыгер, сырткы эмоциялык реакциялар билинбеген оорулуу абал. Апатияда психикалык активдүүлүк төмөндөйт. Мындай оорулуулар аз кыймылдайт, аз сүйлөйт. Бул абал кээ бир психикалык оорулууларда, ошондой эле нерв системасынын функциясы бузулганда болот. Дарылоо апатия пайда кылган себебине жараша жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8