Аралашма (конвергенттик) экономикалык система

Аралашма (конвергентти экономикалык система Борборлошкон жана рыноктук экономикаларда мамлекеттин ролу жана жеке менчиктин болушу өтө күчтүү айырмаланат.

Борборлошкон экономикада заводдор, шахталар ж. б. негизги өндүрүш ресурстары мамлекетке таандык. Мындан сырткары эмне, кандай жана ким деген негизги суроолорго жоопторду да мамлекеттик пландоо органдары аныкташат. Тескерисинче, ушул эле суроолорго жоопторду бергенде рыноктук экономика айрым сатып алуучулардвш чечимдерине багыт жасайт, ал эми өндүрүш каражаттары жеке ээлик кылуучуларда болот.

Бул моделде мамлекет салыштырмалуу азыраак ролду ойнойт. Ошондой болсо да азыркы убакта «таза рынок» экономикасы жок. Рыноктук экономикасы бар өлкөлөрдө көпчүлүк чечимдер рынок аркылуу аныкталганына карабастан, мамлекеттин ролу улам жогорулоодо. Рыноктук, өкмөттүк күчтөрдүн мындай айкалышы жана мамлекеттин экономикада активдүү катышуусу биздин экономикалык системаны жана көп башка демократиялуу өлкөлөрдүн экономикасын аралаш «конвергенттик» экономика деп атоого мүмкүнчүлүк түздү.

Аралаш экономикалык система, мурунку рыноктук жана борборлошкон экономикалардын жакшы принциптерин өзүнө камтып, алардын табигый айкалышын камсыз кылат.

Бул система негизги төрт принципке таянат: 1) эркин ишкердүүлүк; 2) эркин бааны түзүү системасы; 3) эркин атаандаштык (конкуренция); 4) мамлекеттик тейлөө.

Мындай айкалыштыруу, рыноктук системанын жогорку үч принцибин мамлекеттик тейлөө тарабынан аларды басымдоого же алмаштырууга жол бербөө дегендикке жатат. Демек, бул система экономикалык эркиндикти мамлекеттик тейлөө менен айкалыштырып, туруктуу экономикалык өсүштү (экономикалык кризистин таасирин төмөндөтүү менен) камсыз кылууга багытталган. Кыргыз Республикасы дал ушул системаны курууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9