Аралча тоолор - жазы түздүктөрдө жалгыздап же топ болуп обочо жайгашкан тоолор же ири дөңсөөлөр. Салыштырмалуу бийиктиги 100дөн 1000-2000 мге чейин. Бийик тоолуу аймактын узак убакыт бою талкаланышынан (кээде жанар тоонун атылышынан да) пайда болот. Алар климаты кургакчыл, тектоникалык жактан туруктуу аймактарга мүнөздүү. Мындай тоолор Кыргызстанда орток тоо, жетим тоо деп аталат. Мисалы, Түштүк Кыргызстандагы Сулайман-Тоо, Чил-Майрам, Ат-Башыдагы Чеч-Дөбө, Кочкордогу Орток-Тоо жана башкалар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү