Ара төрөлгөн бала — бойго бүткөндөн кийин төрөлүү убактысына жетпей 28—39 жума мөөнөтүндө төрөлгөн ымыркай бала. Салмагы 1000—2500 г, бою 37—46 см. Баланын ара төрөлүшүнө көбүнчө кош бойлуу аялдын түрдүү ооруга жана кырсыкка чалдыгышы, талгак болуу, ага чейин аборт жасатуу себеп болот. Булардын натыйжасында эне менен түйүлдүктүн ортосундагы кан айлануу бузулуп, түйүлдүккө кычкылтектин келиши начарлап, баланын эрте төрөлүшүнө түрткү болот. Ошондой эле эне менен түйүлдүктүн кан сыйышпастыгында, эгиздерде көп байкалат.

Кош бойлуу учурда нерв-психикалык күч келүү, оор жумуш жасоо, үй-бүлөдөгү чыр-чатак жана башка жагымсыз шарттар ара төрөөгө дуушарлантат. Ара төрөлгөн бала айына жетип төрөлгөн балдардан сырткы кебетеси, орган жана системаларынын өөрчүшү жагынан айырмаланат. Сутканын көп мезгилинде уктайт, үнү акырын, алсыз чыгат. Териси жука, назик, тери алдындагы май катмары начар, кээде жокко эсе болуп, бырышып, бүктөлүп турат, түгү узун, буттары кыска, башы чоң, кулак калкандары жумшак, башына жабышып турат. Ички органдары функциялык жактан толук жетилбеген. Дем алуусу бир калыпта эмес, мезгил-мезгили менен кыска мөөнөткө токтоп да калат. Тамырынын кагышы тез өзгөрөт; ыйлаганда, тынчы кеткенде минутасына 90дон 200гө чейин, кээде андан да тездейт. Ичеги-карыны жакшы жетилбеген, нерв системасы функциялык жактан начар, дене температурасын жөнгө салуу начар болгондуктан бала бат ысып же үшүп кетет.

Ара төрөлгөн бала 1-айда анча эттенбейт, бирок кийинки айларда салмагы тез чоңоюп, бою өсөт. Салмагы 2000 гдан 2500 гга чейинки ара төрөлгөндөр абалына жараша врачтын уруксаты менен үйгө жиберилиши мүмкүн. Ал эми салмагы андан кичине балдар атайын адистештирилген бөлмөлөргө которулуп, врачтын көзөмөлүндө болот.

Төрөлгөндө,салмагы 1500 г же андан кичине болсо, алар атайын камера — кувездерде багылат. Кувезге салмагы чоң, бирок дене температурасын туруктуу кармай албаган балдар да багылат. Үй шартында Ара төрөлгөн бала өзгөчө багууну талап кылат.

Бала жаткан бөлмөнүн температурасы 25°тай болуп, жарык, таза болуусу зарыл. Баланы катуу ороого болбойт, улам бир капталына жаткыруу керек. Бала жылуу, жумшак ич кийим кийгизилип, түктүү жумшак жуурканга ороп жаткызылат. Эгер бала үшүп кубарып, муздап калса жылуу ваннага салып же жылыткыч коюп жылытуу сунуш кылынат. Бала ысып кеткенде кызарып, тынчсызданат, анда жылыткычтарды алып салуу же азайтуу керек. Ара төрөлгөн балага эмчек сүтү эң мыкты тамак-аш болуп эсептелет. Өтө начар төрөлгөн, али соруу рефлекси өнүгө элек балдарды адегенде зонд аркылуу (суткасына 10 жолу), андан кийин упчу менен, кийин эмчек эмизүүгө көндүрөт.

Айына жетип төрөлгөн балдардай эле киринтилет. Салмагы 1500 гдан кичине балдарды төрөлгөндөн 3 жумадан кийин, салмагы 1500 гдан чоң балдарды 7—10 күндөн кийин киринтүүгө болот. Ара төрөлгөн баланы акырындап жана өтө сактык менен таза абага сейилдетүү керек. Сейилге салмагы 2500 гдан ашык балдар чыгарылат. Кышкысын салмагы 3000 гдан жогору болгондорго уруксат берилет. Сейилдөө бир нече минутадан башталып, акырындык менен көбөйтүлөт.

Ара төрөөнүн алдын алууну аялдар кош бойлуу боло электе эле баштоо керек. Аялдар өз убагында ар кандай өнөкөт оорулардан дарыланып, өздүк жана жыныстык гигиенаны сактоолору тийиш, ошондой эле аборт жасатпастан, бойго болтурбоого аракеттенүү оң.

Кош бойлуулуктун биринчи белгилери билинери менен аялдар врачка кайрылып, андан тийиштүү кеңештерди алууга тийиш. Кош бойлуу аялдар артыкча капа болбошу керек, жакшылап тамактанууга тийиш; ичкилик ичүүгө, тамеки тартууга болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8