АргоббаЭфиопидягы семит эли. Алар Эфиопиянын чыгышында (Афар жана Харари региондору) жана Аддис-Абеба шаарында жашашат.
Саны 140 134 адам (2007).

Аргобба

Аргобба улутундагы кыз
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 140 134 адам (2007)
 Эфиопия

Тили

аргобба, амхара, галла

Дини

мусулмандар (сүннөттөр),
христиандар (монофизиттер)

Расалык тиби

эфиоп

Кирет

семиттер

Тууган элдер

харари, тиграи, тигре, амхара

Аргобба, амхара жана галла тилдеринде сүйлөшөт.

Ишенгендер мусулмандар (Афар жана Харари региондорунда) жана христиандар (монофизиттер).

Чарбачылык иштер

түзөтүү

Жер айдоо (өгүздөрдү колдонуу) дыйкан чарбасы жасалма сугаруу менен. Террассалык дыйканчылык (максималдуу киреше алуу үчүн) жана огородчулук өнүккөн. Негизинен буудай, сорго, жүгөрү, буурчак, төө буурчак, жасмык өстүрүлөт.
Эчки жана кой багышат.
Шаарларда токуу жана соода менен алектенишет.

Турак жай

түзөтүү

Айылдар дөңсөлөрдө жана адырларда жайгашкан. Айылдарда бир мечит, борбордук аянт, базар жана мектеп бар. Чатыры топурактан жана чөптөн жасалган таштан тик бурчтуу үйлөр.

Тамак-аш

түзөтүү

Негизги азыгы — буурчак, жарма, сүт, кээде эт.

Салттуу кийим

түзөтүү

Чалма, китель жана жоолук сыяктуу салттуу кийимдерди кээ бирөөлөр диний өзгөчөлүгүн жана этникалык тобун баса белгилөө үчүн кийишет, башкалары өзгөчөлөнүү үчүн.

Туугандар (бөлөлөр) менен никеге туруу эң пайдалуу болуп эсептелет. Аргоббалар өздөрүнүн маданий өзгөчөлүктөрүн сактап калгылары келгендиктен, башка улуттардын өкүлдөрү менен никеге турууга жагымсыз. Полигиния (көп аялдуулук) байлар тарабынан практикаланат. Аялдар мүлктү мурасташы мүмкүн, бирок бул эркектин тукуму аркылуу гана аныкталат

Аргоббалар өздөрүн Эфиопияга ислам динин таратууга келген араб курейш уруусунун урпактары деп эсептешет. Окшош уламыштар Африка Мүйүзүндөгү башка мусулман элдеринде да кездешет.

Аргоббанын ата-бабалары Аксум падышалыгы менен касташып келишкен.
Аргоббалар 10-кылымда ислам динин кабыл алып, алар менен байланышкан амхарадан бөлүнүп кетишкен.
12-16-кылымдарда аргоббалар мусулман султандыктарынын курамына Ифат жана Адал (Ифат кулагандан кийин) кирген. Аргоббалар башкаруучу Валашма династиясы менен байланышы бар болчу.
15-16-кылымда Абиссиния (Эфиопия) менен кагылышуулар күчөгөн. Абиссиндик баскынчылар жергиликтүү калк арасында христиандаштыруу саясатын жүргүзүшкөн. Аргоббанын бир бөлүгү чыгышка качкан.
1529-жылы Ахмад ибн Ибрагим Аль-Газинин жетекчилиги астында сомали, афар жана харариден турган аскер күчтөрү Абиссинияны талкалап, Ифат тарыхий аймагынын жерлерин бошоткон.
16-17 кылымдарда аргоббалар түштүк-чыгыштан (азыркы Сомалиден) келген оромо (галла) көчмөндөрүнүн чабуулуна каршылык көрсөткөн.
Ыдыраган Адал султандыктын ордунда Аусса султандыгы пайда болуп, кийин анын негизинде Харар эмираты түзүлгөн.
19-кылымда аргобба жерлерин Абиссиния басып алган. Аргоббалар христиандаштырууга жана башка аймактарга көчүрүүгө дуушар болушкан.
1990-жылдары аргобба эли Аргобба улуттук демократиялык уюмунун түзүлүшү менен аймактык саясий күчкө ээ болгон.

Шилтемелер

түзөтүү