Жасмык чөбү (лат. Ervum, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы бир жылдык чөп. Жапайы жана эгилме 10дой түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (Закавказье, Орто Азияда) өсөт. Жасмыктын сабагы ичке, түз, бийиктиги 25–30 см, татаал жалбырактуу, гүлү майда, ак, көк, кызгылт түстө. Мөмөсү – сагак, 2–3 уруктуу. Буурчактан айырмасы жылуу жерде жакшы өсөт. Үрөнү 4–5ᵒС жылуулукта өнүп чыгат. Вегетация мезгили 65–105 күн. Кургакчылыкка байымдуу. Данында 32% белок, 2% май, 2,5–5% клетчатка бар. Данынан кулинарияда, колбаса, консерва өнөр жайында колдонулуучу акшак, ун даярдалат. Саманы менен тыпыны – баалуу концентраттуу тоют. Жасмык Кытай, Индия, Түркияда, Латын Америкасынын, Түндүк Африка жана башка өстүрүлөт. КМШ өлкөлөрүндө кара топураксыз зонада, Волга бою, Украина, Казакстан, Орто Азия жана Закавказьеде эгилет.

Жасмыктын жакшы сорттору: петровский 4/105, днепровский 3, тажик 5, азербайжан, окула жана башка Бардыгы 10дон ашык сорту райондоштурулган. Илдеттери: бактериоз, фузариоз, аскохитоз, дат жана башка Зыянкечтери: шалбаа көпөлөгү, жасмык данчысы жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1