Семиттер - немис окумуштуулары А. Л. Шлёцер менен И. Г. Эйхгорн 18-кылымдын 80-жылдарында илимге киргизген термин.

Тилдин өзгөчө тобуна кирген, маданияты, үрп-адат жана турмуш-тиричилиги, отурукташкан жерлеринин жалпылыгы жана окшоштугу менен мүнөздөлгөн байыркы элдердин тобу. Семиттердин качан пайда болгондугу азыр тактала элек. Бир топ окумуштуулардын ойлору боюнча б. з. ч. 4-кылымдын аягы - 3-кылымдын башында семиттер (тили боюнча) эки топко (чыгыш жана батыш) бөлүнгөн.

Чыгыш тобундагы семиттер (Тигр жана Евфрат дарыяларынын аймагында жайгашкан) аккад тилинде сүйлөшкөн. Бул топтогу семиттердин тагдыры Аккад, Вавилония жана Ассирия мамлекеттеринин тарыхы менен байланышкан.

Батыш тобундагы семиттер өз ара эки топко (түндүк-батыш, түштүк - семит) бөлүнөт. Биринчи топтогуларга (Палестинада, Түндүк Месопотамияда жайгашкан) аморит, ханаан, еврей, арамей ж. б. Экинчи топтогуларга (Аравия жарым аралында жайгашкан) миней, сабей, катабан, хадрамауттар кирген.

Семит тилиндеги элдерге азыр арабдар, еврейлер, мальталыктар, ассириялыктар, сокотралыктар, Эфиопиянын жана Эритреянын кээ бир элдери (амхара, тиграи, тигре, гураге, харари, аргобба) кирет.

Семит тилдеринде сүйлөгөндөрдүн жарымынан ашык Африкада (Түндүк жана Чыгыш) жашайт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.