Аркалык (айыл)
Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл
Аркалык — Кыргызстандын Жалал-Абат облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Сайдыкум айыл аймагына кирет.
Отурукташкан жай
Аркалык
|
Кара-Үңкүр суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк тарапта Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. 1937-жылы негизделген.
Тургундары негизинен пахта, дан эгиндерин, жашылча өстүрүүдө менен эмгектенишет. ФАП, мечит, тегирмен, медпункт, акжуваз бар.
Калкы
түзөтүүКалкы ― 534 киши (2009-жылы)[1]. 2002-жылы 1450 киши болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.