Аркан тартмай - кыргыз элинин эң байыркы улуттук оюндарынын бири.

Оюн тегиз жерде, мектептин спорт аянтчасында өткөрүлөт. Күндүз да, түнкү айдын жарыгында да ойнолот. Уландар, жигиттер күч сынашуу үчүн ойношот. Оюнчулар эки жаатка бөлүнөт. Ар бир жаатка өзүнчө чек сызык чийилет. Анын аралыгы 2 метрдей болот. Ушул эки чек сызыктын тең ортосуна дагы бир сызык чийилет. Оюнга катышуучулар чек сызыктын эки жагына бирдей санда чыгышып, бирин – бири белинен кучактап турушат. Эки жаатка бир гана 4–5 метр узундуктагы учу түйүлгөн аркан берилет. Оюнга катышуучу оюнчулардын күчү, жашы бирдей чамалуу болушу керек. Оюндун калысы эки жааттагы биринчи турган эки балага арканды карматып, өзү аркандын тең ортосун ортодогу сызыкка келтирип таманы менен басып турат да оюнду баштоого белги берет. Белги берер замат аркандан бутун тартып алат. Оюнга катышуучулар оюндун жүрүшүндө өздөрүнүн катарын бузбай, туш тарапка кыйшайбай түз туруп, аркан аркылуу атаандаштарын өз жагына тартуу керек. Кайсы тараптын алдындагы оюнчусу чек сызыктан өтүп кетсе ошол тарап утулат. Эгерде күч бирдей болуп, бирин – бири чек сызыктан калыс белгилеген убакытта өткөрө алышпаса оюн тең чыгат. Ар бир оюн эки упай менен белгиленет. Көп упай топтогон жаат утат. Арканды кээ бир жерлерде жекеме – жеке да тартышат. Оюн көбүнчө майрамдарда, оюн – шоок кечелеринде өткөрүлөт.

Щилтеме түзөтүү

  • Токторбаев Саты “Өспүрүмдөр оюндары“.