Аркыт (айыл)

Жалал-Абад облусунун, Аксы районундагы айыл
Аркыт (Аксы району)‎»‎ барагынан багытталды)

Аркыт[2]Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Кызыл-Суу айыл аймагына кирет.

Отурукташкан жай
Аркыт
Район Кыргызстан
Координаттар 41°47′36″ с. ш. 71°57′40″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 091 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Аркыт (айыл) (Кыргызстан)

Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербенден 18-20 км түндүк-чыгыш тарапта. Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө Сары-Челек көлү жатат. Узундугу 25 км, туурасы 12 кмге чейин. Деңиз деңгээлинин бийиктиги 1200 мден 4247 мге (Музтөр) чейин. Аркыттын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу Кожо-Ата суусу агат, анын жылдык орточо чыгымы 4,67 м3/сек. Кышы жылуу жана нымдуу, жайы салкын. Июлдун орточо температурасы 20-23°С, январдыкы -12°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен турат. Тоого өрдөгөн сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай менен алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын 80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың,ал эми субальп алкагында (2100-3000 мбийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык жана башка өсөт. Жапайы жаңгак токою менен көп түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына өзгөчө көрк берип турат. Аркыттын аймагынан жаңгак жана башка мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн Сары-Челек коругунун аймагында жайкысын жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче - кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет.

Калкы түзөтүү

Калкы - 1 091 киши.[1]Калып:Kyrgyzstan-stub

Булактарга шилтемелер түзөтүү