Армяндар (өздөрүн "айа" деп аташат) - индоевропалык тилдердин биринде сүйлөгөн улут, Армениянын (Айастандын) негизги калкы. Дүйнөдө 5-7 миллиондой армян тектүү калк байырлайт.

армяндар

Кыскача таржымакалы

түзөтүү

Армяндар мурдагы СССРде 3559 миң киши (1970) болгон. Грузия менен Азербайжанда, Түндүк Кавказда да армяндар чогуу жашаган жерлер бар. ботан ашуун чет өлкөдөгү армяндардын жалпы саны 1,8 миллиондогдон көп.

Алар армян тилинде сүйлөшөт, негизинен монофисттик христиандар, чет өлкөлөрдөгү армяндардын бир аз бөлүгү - католиктер жана протестанттар.

А-дын эң байыркы ата-бабалары К. Азиянын түн.-чыг. бөлүгүндө жашаган калк болгон.

Бул өлкө биздин заманга чейин 16- 15-кылымдагы хетт жазууларында Арматана, кийинчерээк биздин заманга чейин 14-13-к.) Хайаса деп аталат. Ассириялыктар Армяндарды Урме дешкен.

Армян элинин биригүүсү узак убакытка созулуп, негизинен биздин заманга чейин 4-кылымдарда аяктаган.

405-жылы Месроп Маштоц армян алфавитин негиздеген.

19-кдын 1-жарымында Чыг. Армениянын Россияга кошулушу анда капит. мамилелердин өнүгүүсүнө жана армяндардын андан ары улуттук консолидациялануусуна мүмкүндүк берген.

Бул жүрүм негизинен 19-кылымдардын аягында бүткөн.

Арменияда Совет бийлиги орнотулгандан кийин (1920-жылдын аягы), соң. курулуштун жүрүшүндө армян улут катары ого бетер консолидацияланышты, өз элинин маданиятын андан ары өнүктүрүштү.

1991-жылы СССР ойрон болгон соң, армян диаспорасы менен Армениядагы армяндардын карым-катнаштары ээн-эркин жүрүүдө.

Кыскача адабият

түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү