Арсенал (футбол клубу, Лондон)
«Арсенал» футбол клубу – Англис Премьер-Лигасында ойногон Лондондун түндүгүнөн чыккан футбол клубу. 1886-жылдын 1-декабрында негизделген. Англиянын 13-жолку чемпиону, улуттук Кубокту 12 жолу уткан. Команда өз оюндарын «Эмирейтс» стадионунда (сыйымдулуугу – 60260 көрүүчү) өткөрөт.
Арсенал | ||||
Толук аталышы |
"Арсенал" футбол клубу (Arsenal Footbal Club) | |||
Негизделген | 1-декабрь 1886 | |||
---|---|---|---|---|
Стадиону | Эмирейтс, Лондон | |||
Сыйымдуулугу | 60,704 | |||
Ээси | Стэн Кронке | |||
Президенти | Сэр Чипс Кесвик | |||
Машыктыруучусу | Микель Артета | |||
Капитаны | Мартин Эдегор | |||
Демөөрчүсү | Fly Emirates | |||
Сайты | www.arsenal.com | |||
Мелдеш | Англис Премьер-Лигасы | |||
2024/25 | ||||
|
Арсенал 1919-жылдан баштап, оюндарын англис футболунун жогорку дивизионунда өткөрүп келе жатат. 1992-жылы Премьер-лига түзүлүп, анын клуб-негиздөөчүлөрдүн бири Арсенал да болгон.[1]
1996-жылдан баштап, команданын башкы машыктыруучусу катары француз Арсен Венгер эмгектенип жатат, клубдун тарыхында башкы машыктыруунун кызматында эң узак иштеген адам болуп эсептелет. Венгердин башчылыгында Арсенал 19 мезгилдин ичинде Англиянын 3-жолку чемпиону болуп, Англия Кубогун 13 жолу уткан.
Тарыхы
түзөтүүНегизделиши (1886-1925)
«Арсенал» футбол клубун Лондондун түштүк-чыгышындагы Вулидж аттуу райондо жайгашкан «Ройал Арсенал» мылтык чыгаруучу заводунун ишмерлери 1886-жылдын 1-декабрында негиздешкен. Алар жаңы түзүлгөн командага «Дайал Скуэр» (англ. Dial Square) деген атты коюшкан. Биринчи оюнду клуб 1886-жылдын 11-декабрында Истерн Уондерерс аттуу командага каршы өткөргөн[2]. Ал матчты замбирекчилер 6-0 эсеби менен утушкан. Эки жумадан кийин оюнчулар чогулуп, команданын аталышын «Ройал Арсенал» деп өзгөртүшкөн, андан тышкары «Ноттингем Форест» футбол клубунда ойногон Фрэд Бирдсли команда формасынын түсүн кызыл түскө өтүшүн сунуш кылган. 1891-жылда клуб кесиптик статуска ээ болуп, аталышы «Вулидж Арсеналга» (англ. Woolwich Arsenal) өзгөргөн. Команда 1893-жылы Футбол лигасына кирген.
Клуб оюндарын Экинчи дивизиондо ойноп баштап, 1904-жылы Биринчи дивизионго кирген. Алыста жайгашканы үчүн оюндарга аз адам келе баштаган, ошого байланыштуу каржы жагынан командада маселелер көбөйө баштап, Экинчи дивизионго кайра келген. 1913-жылы клуб «Хайбери» стадионуна көчүп, 1914-жылы клубдун аталышы «Арсеналга» өзгөргөн. Команда Экинчи дивизиондо 5-орунга ээ болгон. Ал жылы Биринчи дивизиондо 20 клубдун ордуна 22 клуб ойноосуна чечим чыккан. Экинчи дивизиондо 1 менен 2-орунду ээлеген командалар Биринчи дивизионго которулмак, бирок Арсеналдын кожоюну Генри Норрис Джон Маккенге (Футбол лигасынын башчысы) командасына добуш берүүсүн айткан. Тандоого 4 клуб чыккан: Арсенал (Экинчи дивизиондо 5-орун), Тоттенхэм (Биринчиде дивизиондо 20-орун), Барнсли (Экинчиде – 3-орун), Вулверхэмптон (Экинчиде – 4-орун). Джон Маккен Арсенал, Тоттенхэмге караганда, Футбол лигасынын ичинде 15 жыл көбүрөөк болгонуна байланыштуу Арсеналга добушун берген. Ушул окуядан кийин Тоттенхэм менен Арсеналдын күйөрмандары бир бирин душман катары көрүшөт.
1925-жылы клубдун башкы машыктыруучунун кызматына Герберт Чепмен дайындалган. Ал «Дубль-ве» схемасына командасын өткөрүп, көптөгөн утушка ээ болгон. 1930-жылы Арсенал Англия Кубогунун финалында «Хаддерсфилд Таун» футбол клубун 2-0 эсеби менен утуп, биринчи Кубогуна ээ болгон. Ошол эле жылда Англия Суперкубогун жеңген. 30-жылдары Арсенал англис футболунда биринчилердин катарында болгон.
Эллисон (1934-1950)
1934-жылы Чепмен пневмониядан ооруп, кайтыш болгон. Анын ишин бир нече адам аткарып баштады. Башкы машыктыруучунун кызматына Джордж Эллисон дайындалып, Чепмендин убагында иштеген Джо Шоу менен Том Уиттакер команданы оюндарга даярдоону моюнуна алышкан. Клубга Эллисондун зор салымы бар, анткени ал «Хайбери» стадионун Англиядагы эң заманбап аренага айланткан. Мындан тышкары, ал командага мыкты оюнчуларды чакырып киргизген. Алардын ичинде Тед Дрейк да (1934/35ж мезгилинде 42 гол киргизген – клубтук рекорд) болгон.
1947-жылы Эллисон кызматын таштап, башкы машыктыруучу болуп Том Уиттакер дайындалган. Арсеналдын көп оюнчусу согушка кетип, кайра кайтып келишкен эмес. Ошого байланыштуу команданын курамын ветерандар түзүшкөн. 32 жаштагы Джо Мерсер, 35 жаштагы Рони Рук жана 33 жаштагы Леси Комптондун эмгеги менен Арсенал 1947/48-жылы чемпиондукка ээ болгон.
1950-1970
1951/52-жылы команда кайрадан чемпиондук менен Кубокту утууга мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок оюнчулар көптөгөн жаракаттын асабынан аларга жете алышкан эмес. 1966-жылы башкы машыктыруучунун кызматына Берти Ми дайындалган. Ал чабуул позициясына жаш, таланттуу оюнчуларды коюп, коргоо позициясына жашы толгон оюнчуларды киргизген. Команда 1970-жылы Лига Кубогун, Жарманкелер Кубогун уткан.
1970-1986
1971-жылы Арсенал тарыхында биринчи жолу чемпиондук менен Кубокко ээ болгон. Бирок кийинки жылы клубдан көптөгөн ишмерлер кете баштады, 1976-жылы Берти Ми кызматын бошоткон. 1986-жылы машыктыруучунун кызматына команданын легендарлуу оюнчусу Джордж Грэм дайындалган. Ал оюндун тактикасын коргоого айланткан. Коргоо позициясында белгилүү Ли Диксон, Тони Адамс, Стив Боулд, Найджел Уинтерберн ойношкон.
1986-1995
1988/89-жылы чемпиондук гонкада Арсенал менен Ливерпуль болгон. Кайсы команда чемпиону болоору ушул эки команданын акыркы оюнунда билинмек. Бул матчты канонирлер 2-0 эсеби менен жеңген, ошентип, 18 жылдан кийин Арсенал чемпиондукка ээ болгон. 1993-жылы клуб Англия Кубогун жана Лига Кубогун, 1994-жылы Кубоктор Кубогун уткан[3]. Джордж Грэм кызматынан бошотулган.
Венгердин заманы (1996-...)
1996-жылы башкы машыктыруучу болуп, француз Арсен Венгер дайындалган[4]. Коомдо «Арсен ким?» (Arsene who?) деген көптөгөн суроолор чыга баштады. Ага карабастан, Венгер кийинки жылы Арсеналды чемпиондук менен Кубокту утушуна алып келген.
1999-жылы Тьерри Анри, Робер Пирес, Сильвен Вильтор аттуу футболчулар сатып алынган. 2001/02-жылы алар клубду кезектеги чемпиондукка алып келишкен. Бирок команданын мыкты оюну 2003/04-жылы ачылып, ушул мезгилди Арсенал жеңилүүсүз өткөргөн. Ад курамдагы оюнчулар "Жеңилбестер" деген атка конушкан. 2005-жылы Англия Кубогу утушкан. 2006-жылы Арсенал Чемпиондор Лигасынын финалына жетип, Барселонадан жеңилген[5].
«Эмирейтс» стадионуна көчүү жана трофейсиз мезгил (2006-2014)
2006-жылы клуб жаңы салынган «Эмирейтс»стадионуна көчкөн. Мезгилдин аягында командадан Робер Пирес, Сол Кемпбелл, Эшли Коул, Деннис Бергкамп, Тьерри Анри аттуу оюнчулар кетишкен. Алардын ордуна Венгер Томаш Росицки, Тео Уолкотт, Матье Фламини, Адебайор, Сеск Фабрегасты сатып алып келген.
2010-жылы Арсенал Чемпиондор Лигасынын чөйрөкфиналында Барселонага утулуп, чемпионатта 3-орунга ээ болгон. 2011-жылы Венгер Оливье Жиру, Лукас Подольски, Санти Касорла аттуу оюнчуларды команда алып келген. Алар Арсеналдын оюнунун жакшыртып башташты. 2013-жылы рекорддуу 50 миллион еврого Реалдан Германия курамында ойногон Месүт Өзил сатып алынган.
Трофейсиз мезгилдин сону (2014-...)
2014-жылдын 17 майында Арсенал Англия Кубогунун финалында «Халл Сити» командасын 3-2 эсеби жеңген, ошентип 9 жылдан кийин трофейсиз мезгил аяктады. 2015, 2017-жылдары клуб кайрадан ушул жеңишке ээ болгон[6].
Формасы
түзөтүү1886-жылы клуб кесиптик наамга ээ болгонго чейин, «Ноттингем Форест» клубунан Арсеналга кошулган оюнчулар Фред Бирдсли, Чарли Бейтс жана Билл Парр мурунку командадан кызыл түстүү формасын алып келишти. Каражаттын аздыгынан Арсеналдын жетекчилери оюнчуларын алып келинген формага окшош кийим менен камсыз кылган. Бул форма узун жеңдүү, жакалуу кара-кызыл көйнөк, ак шорталар жана көк гетралардан турган.
Арсеналдын формасына окшоштуруп, башка футбол клубдары да кызыл түстүү формага өтүшкөн. 1906-жылы «Спарта Прага» футбол клубунун президенти Петрик Лондонго келип, замбирекчилердин кийимине суктанып, оюнчуларын ушундай формага кийинүүсүнө чечим чыгарган. Азыркы учурда деле прагалыктар кызыл кийимчен ойношот.
1925-жылы Герберт Чепмен башкы машыктыруучу болуп дайындалып, ал команданын формасын өзгөртүүсүн сунуштаган. Жаңы форма ак жеңдүү, сол жагында клубдун белгиси тигилген кызыл көйнөккө айланган. Бүгүнкү оюнчулар ушул үлгүдөгү кийимди кийип жүрүшөт.
1950-жылдары өзүнүн стадионунда тоскон команданын негизги формасы менен окшош болгонунун себебинен клуб жаңы форма долбоорун бекиткен.
Оюнчулардын көйнөгүнүн үстүнө замбиректин белгилүү сүрөтү алгачкы жолу 1967-жылы тигилген. Так ушул форма менен Арсенал 1970/71-мезгилде биринчи жолу чемпиондук менен Кубокту чогуу уткан. 1970-жылдарынын соңунда көйнөктүн үстүнө форма өндүрүүчүнүн (Umbro) белгиси түшүрүлүп, 1981-жылы жарнама максатында «JVC» компаниясынын белгиси чыгарылган. Азыркы учурда форманын үстүндө «Fly Emirates» авиакомпаниясынын белгиси турат.
2005-жылы «Хайбери» стадионунан жаңы «Эмирейтске» көчүүгө байланыштуу, команда тарыхтагы эң биринчи формага окшош кара-кызыл түстүү көйнөктөрдү кийип чыккан.
Англис футболунун 2011/12-мезгилинде Арсенал өзүнүн 125 жылдыгына арнап, баш белгисин өзгөрткөн. Эмблемасына сол жагынан 15 лавр жалбырагы түшүрүлүп, бул 15 негиздөөчүлөрдүн биринчи эмблеманын дизайнерине төлөп берген 6 пенс тыйынын билдирет. Оң жагында болсо, 15 эмен жалбырагы тартылган, бул «Royal Oak» сыраканасында чогулган 15 негиздөөчүлөрдү билдирет. Белгинин астында команданын эң биринчи ураандардын бири «Forward» сөзү жана мааракелүү 1886 менен 2011-жылдары түшүрүлгөн[7].
Эмблемасы
түзөтүү-
1888-1930
-
1930-1949
-
1951-1952
-
1949-2002
-
2002-а.у.
Теңдешүүлөр
түзөтүүТүндүк Лондон теңдешүүсү
Бул теңдешүү Арсенал менен Тоттенхэм командаларынын арасында өтөт. Биринчи оюну 1887-жылы 19-ноябрда өткөн, Тоттенхэм 2-1 эсеби менен утуп жаткан кезинде жарыктын жоктугунан матч аягына чейин ойнолгон эмес[8]. Биринчи толук оюн 1888-жылы февралда өткөн, текөөрлөрдө 9 футболчу гана болгондуктан 6-2 эсебине замбирекчилерге жеңилишкен. 1898-жылы кезектеги оюн Тоттэнхэмдин стадионунда өткөн. Көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн (15000 адам) стадиондун чатыры урап түшүп, бир нече адам жарадар болгон. Натыйжада Тоттенхэм жаңы «Уайт Харт Лейн» стадионуна көчкөн. Биринчи дивизиондо клубдар арасындагы алгачкы оюну 1909-жылы 4-декабрда өткөн, Арсенал 1-0 эсеби менен уткан.
Дербинин башталышы
Накта теңдешүү 1913-жылы Арсенал «Уайт Харт Лейнден» 6 чарчы метр алыстыкта жайгашкан Хайбери районуна көчкөндөн башталган. Эки команда алгачкы жолу «Түндүк Лондон атаандаштары» аты менен согуш фондуна жардам көрсөтүү үчүн 1914-жылы 22-августта оюнга чыгышкан. Ал матчты Арсенал 5-1 эсеби менен жеңген[9]. Теңдешүү 1919-жылы күчөгөн.
Статистика жана рекорддор
түзөтүүОюнга чыккандар
- Тарыхта эң көп ойногон: Дэвид О’Лири — 722 оюн, 1975—1993-жж.
- Европа мелдештеринде эң көп ойногон: Тьерри Анри — 86 оюн.
- Эң жаш оюнчу: Сеск Фабрегас — 16 жаш, 177 күн (2003-ж 28-октябрда Лига кубогунун Ротерем Юнайтед менен оюнунда).
- Эң улгайган оюнчу: Жон Резерфорд — 41 жаш 159 күн (1926-ж 20-мартта Биринчи дивизиондун Манчестер Сити менен оюнунда).
Эң көп ойногон футболчулар | ||||
---|---|---|---|---|
№ | Аты-жөнү | Жарандыгы | Ойногон жылдары | Оюндардын саны |
1 | Дэвид О’Лири | Ирландия | 1975–1993 | 722 |
2 | Тони Адамс | Англия | 1983–2002 | 669 |
3 | Жорж Армстронг | Англия | 1961-1977 | 621 |
4 | Ли Диксон | Англия | 1988-2002 | 619 |
5 | Найджел Уинтерберн | Англия | 1987-2000 | 584 |
6 | Дэвид Симэн | Англия | 1990-2003 | 564 |
7 | Пэт Райс | Англия | 1964-1980 | 528 |
8 | Питер Стори | Англия | 1965-1977 | 501 |
9 | Жон Редфорд | Англия | 1964-1976 | 481 |
10 | Питер Симпсон | Англия | 1964-1978 | 477 |
Гол киргизгендер
- Бир мезгилде эң көп гол киргизген: Тед Дрейк — 44 гол (1934/1935 мезгили)
- Бир оюнда эң көп гол киргизген: Тед Дрейк — 7 гол (1935-ж 14-декабрда Биринчи дивизиондун Астон Вилла менен оюнунда).
- Эң жаш оюнчу: Сеск Фабрегас — 16 жаш, 212 күн (2003-ж 2-декабрда Лига кубогунун Вулверхэмптон Уондерерс менен оюнунда).
- Хет-трик кылган эң жаш оюнчу: Жон Редфорд — 17 жаш, 315 күн (1965-ж 2-январда Биринчи дивизиондун Вулверхэмптон Уондерерс менен оюнунда).
- Эң улгайган оюнчу: Жон Резерфорд — 39 жаш, 352 күн (1924 20-сентябрда Биринчи дивизиондун Шеффилд Юнайтед менен оюнунда)[10].
Эң көп гол киргизген футболчулар | ||||
---|---|---|---|---|
№ | Аты-жөнү | Жарандыгы | Ойногон жылдары | Голдордун саны |
1 | Тьерри Анри | Франция | 1999-2007, 2012 | 228 |
2 | Иан Райт | Англия | 1991-1998 | 185 |
3 | Клифф Бастин | Англия | 1929-1947 | 178 |
4 | Жон Редфорд | Англия | 1964-1976 | 149 |
5 | Жимми Брейн | Англия | 1923-1931 | 139 |
Тед Дрейк | Англия | 1934-1945 | ||
7 | Дуг Лишман | Англия | 1948-1956 | 137 |
8 | Робин ван Перси | Нидерланддар | 2004-2012 | 132 |
9 | Жо Халм | Англия | 1926-1938 | 125 |
10 | Дэвид Жек | Англия | 1928-1934 | 124 |
Эл аралык рекорддор
- Улуттук кураманын клубда ойногон эң биринчи оюнчусу: Сизар Женкинс – 1896-ж 21-мартта Шотландияга каршы Уэльс курамасынын катарында ойногон.
- Англия курамасынын клубда ойногон эң биринчи оюнчусу: Жимми Эшкрофт – 1906-ж 17-февралда Ирландияга каршы ойногон.
- Дүйнө биринчилигинин финалында ойногон эң биринчи оюнчулар: Жек Келси жана Дэйв Боуэн – 1958-ж 8-июнда Венгрияга каршы Уэльс курамасынын катарында ойношкон.
Трансферлер
Оюнчулардын баасы "London Evening Standard" гезитинин маалыматы боюнча берилген.
Эң кымбат сатып алынган футболчулар | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
№ | Баасы | Саткан клубу | Аты-жөнү | Жарандыгы | Позициясы | Келген датасы | Шилтеме |
1 | £46.5m | Олимпик Лион | Александр Ляказетт | Франция | Чабуулчу | 5-июль 2017 | [11] |
2 | £38,2млн | Реал Мадрид | Месут Өзил | Германия | Жарымкоргоочу | 2-сентябрь 2013 | [12] |
3 | £35млн | Валенсия | Шкодран Мустафи | Германия | Коргоочу | 30-август 2016 | [13] |
4 | £33,8млн | Боруссия Мөнхенгладбах | Гранит Жака | Швейцария | Жарымкоргоочу | 25-май 2016 | [14] |
5 | £31,7млн | Барселона | Алексис Санчес | Чили | Чабуулчу | 10-июль 2014 | [15] |
Эң кымбат сатылган футболчулар | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
№ | Баасы | Алган клубу | Аты-жөнү | Жарандыгы | Позициясы | Кеткен датасы | Шилтеме |
1 | £29,8млн | Барселона | Сеск Фабрегас | Испания | Жарымкоргоочу | 15-август 2011 | [16] |
2 | £25млн | Барселона | Марк Овермарс | Нидерланддар | Жарымкоргоочу | 28-июль 2000 | |
£25млн | Манчестер Сити | Эммануэл Адебайор | Того | Чабуулчу | 19-июль 2009 | [17] | |
4 | £24млн | Манчестер Сити | Самир Насри | Франция | Жарымкоргоочу | 24-август 2011 | [18] |
5 | £23,5млн | Реал Мадрид | Николя Анелка | Франция | Чабуулчу | 2-август 1999 |
Башкы машыктыруучулардын тизмеси
түзөтүүАты-жөнү | Жарандыгы | Дайындалган күнү | Бошотулган күнү | Жетишкендиктери |
---|---|---|---|---|
Томас Митчелл | Шотландия | 30-март 1897 | 10-март 1898 | |
Белгисиз | 11-март 1898 | 10-апрель 1898 | ||
Уильям Элкоат | Англия | 11-апрель 1898 | 16-февраль 1899 | |
Артур Кеннеди | Англия | 21-февраль 1899 | 29-апрель 1899 | |
Гарри Бредшоу | Англия | 30-июнь 1899 | 30-апрель 1904 | |
Фил Келсо | Шотландия | 1-май 1904 | 9-февраль 1908 | |
Жорж Моррелл | Шотландия | 10-февраль 1908 | 13-апрель 1915 | |
Жеймс МакИвен | Англия | 19-апрель 1915 | 24-май 1919 | |
Лесли Найтон | Англия | 25-май 1919 | 16-май 1925 | |
Герберт Чепмен | Англия | 11-июнь 1925 | 6-январь 1934 | 1-дивизиондун чемпиону: 1931, 1933
Англия кубогунун жеңичүүсү: 1930 Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1930,1931,1933 |
Джо Шоу | Англия | 6-январь 1934 | 28-май 1934 | 1-дивизиондун чемпиону: 1934 |
Жорж Эллисон | Англия | 28-май 1934 | 31-май 1947 | 1-дивизиондун чемпиону: 1935, 1938
Англия кубогунун жеңичүүсү: 1936 Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1934,1938 |
Том Уиттакер | Англия | 2-июнь 1947 | 24-октябрь 1956 | 1-дивизиондун чемпиону: 1948,1953
Англия кубогунун жеңичүүсү: 1950 Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1948,1953 |
Жек Крейстон | Англия | 24-октябрь 1956 | 19-май 1958 | |
Жорж Свиндин | Англия | 21-июнь 1958 | 1-май 1962 | |
Билли Райт | Англия | 1-май 1962 | 13-июнь 1966 | |
Берти Ми | Англия | 20-июнь 1966 | 4-май 1976 | 1-дивизиондун чемпиону: 1971
Англия кубогунун жеңичүүсү: 1971 Жарманкелер кубогунун жеңичүүсү: 1970 |
Терри Неилл | Түндүк Ирландия | 9-июль 1976 | 16-декабрь 1983 | Англия кубогунун жеңичүүсү: 1978/79 |
Дон Хоу | Англия | 16-декабрь 1983 | 22-март 1986 | |
Стив Бартеншоу | Англия | 23-март 1986 | 14-май 1986 | |
Жорж Грэм | Шотландия | 14-май 1986 | 21-февраль 1995 | 1-дивизиондун чемпиону: 1989, 1991
Англия кубогунун жеңичүүсү: 1993 Лига кубогунун жеңичүүсү: 1987,1993 Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1991 УЕФА кубоктор жеңичүүлөр кубогунун жеңичүүсү: 1994 |
Стюарт Хьюстон | Шотландия | 21-февраль 1995 | 15-июнь 1995 | |
Брюс Риох | Шотландия | 15-июнь 1995 | 12-август 1996 | |
Стюарт Хьюстон | Шотландия | 12-август 1996 | 13-сентябрь 1996 | |
Пэт Райс | Түндүк Ирландия | 13-сентябрь 1996 | 30-сентябрь 1996 | |
Арсен Венгер | Франция | 1-октябрь 1996 | 13-май 2018 | Премьер-Лиганын чемпиону: 1998, 2002, 2004
Англия кубогунун жеңичүүсү: 1998, 2002, 2003, 2005, 2014, 2015, 2017 Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1998, 1999, 2002, 2004, 2014, 2015, 2017 |
Унаи Эмери | Испания | 23-май 2018 | азыркы убакыт |
-
Герберт Чепмен (1925-1934)
-
Билли Райт (1962-1966)
-
Берти Ми (1966-1976)
-
Дон Хоу (1983-1986)
-
Жорж Грэм (1986-1995)
-
Пэт Райс (13.09.1996—30.09.1996)
-
Арсен Венгер (1996-а.у.)
-
Унаи Эмери (2018-а.у.)
Стадиондору
түзөтүү-
Мэнор Граунд (1888–1890, 1893–1913)
-
Хайбери (1913–2006)
-
Эмирейтс (2006-а.у.)
2017/18-мезгилиндеги курамы
түзөтүү№ | Жарандыгы | Аты-жөнү | Туулган жылы |
---|---|---|---|
Дарбазачылар | |||
13 | Колумбия | Давид Оспина | 1988 |
33 | Чехия | Петр Чех | 1982 |
Коргоочулар | |||
2 | Испания | МЭЭкторББеллери | 198599 |
4 | Германия | Пер Мертезакер | 1984 |
6 | Франция | Лоран Коселни | 1985 |
16 | Англия | Роб Холдинг | 1995 |
18 | Испания | Начо Монреал | 1986 |
20 | Германия | Шкодран Мустафи | 1992 |
24 | Испания | Эктор Беллерин | 1995 |
31 | Босния жана Герцеговина | Сеад Колашинац | 1993 |
Жарымкоргоочулар | |||
8 | Уэльс | Аарон Рэмзи | 1988 |
10 | Англия | Жек Уилшир | 1992 |
11 | Германия | Месүт Өзил | 1988 |
19 | Испания | Санти Касорла | 1984 |
29 | Швейцария | Гранит Жака | 1992 |
35 | Египет | Мохаммед эл-Ненни | 1992 |
34 | Франция | Франсис Коклен | 1991 |
Чабуулчулар | |||
7 | Чили | Алексис Санчес | 1988 |
9 | Франция | Александр Ляказетт | 1991 |
12 | Франция | Оливье Жиру | 1986 |
14 | Англия | Тео Уолкотт | 1989 |
17 | Нигерия | Алекс Ивоби | 1996 |
23 | Англия | Дэнни Уэлбек | 1990 |
28 | Испания | Лукас Перес | 1988 |
Жетишкендиктери
түзөтүүУлуттук | Эл аралык |
---|---|
Биринчи дивизион/Премьер-Лига (13):
Экинчи дивизион:
Англия Кубогу (12):
Англия Суперкубогу (14):
|
УЕФА Чемпиондор лигасы:
УЕФА Кубоктор жеңичүүлөр Кубогу:
УЕФА Кубогу:
УЕФА Суперкубогу:
Жарманкелер Кубогу:
|
Эскертмелер
түзөтүү- ↑ Англис Премьер-Лигасынын 1992/1993 мезгили (англ.). Soccerbase. Текшерилген күнү 12 -октябрь (тогуздун айы) 2010.
- ↑ Арсеналдын негизделишине жалпы көз караш (англ.). The Official Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2008.
- ↑ Грэмдин даңктуу жылдары (англ.). The Official Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2008.
- ↑ Венгер Арсеналдын башчысы катары дайындалды (англ.). The Official Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
- ↑ Чемпиондор Лигасынын финалдары (англ.) (PDF). UEFA Official Website. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2015.
- ↑ 2017 Англия Кубогунун финалы (англ.). The Official Website of Webley Stadium. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2017.
- ↑ Клуб белгисинин тарыхы (орусча). Arsenal Russian Speaking Supporters Club. Текшерилген күнү 15 -октябрь (тогуздун айы) 2011.
- ↑ Тоттенхэм-Арсенал: оюндардын статистикасы (орусча). Russian Tottenham Supporters. Текшерилген күнү 28 Апрель 2017.
- ↑ 1914/15-мезгили (англ.). Jim Duggan's Topspurs. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2007. Түп булактан архивделген күнү 1 -январь (үчтүн айы) 2007.
- ↑ Арсеналдын рекорддору (англ.). Arseweb. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2007. Түп булактан архивделген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
- ↑ Ляказетт Арсеналга кошулууга макул болду (англ.). The Offial Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 5 -июль (теке) 2017.
- ↑ Арсенал М. Өзилди сатып алуунун акыркы кадамын жасалуусунда (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2013.
- ↑ Немис коргоочусу Ш. Мустафи Арсенал менен контрагына кол койду (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 31 -август (баш оона) 2016.
- ↑ Арсенал швейцариялык жарымкоргоочу Гранит Жака боюнча келишимин бүтүрүүдө (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2016.
- ↑ Расмий маалымат: Алексис Санчес Арсеналга өттү (орусча). Еврофутбол. Текшерилген күнү 10 -июль (теке) 2014.
- ↑ C. Фабрегас Барселона кетти (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 28 -март (жалган куран) 2013.
- ↑ Манчестер Сити Адебайорду сатып алды (англ.). Sky Sports. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2009.
- ↑ Самир Насри Манчестер Ситиге кошулуусун бүтүрүүдө (англ.). BBC. Текшерилген күнү 24 -август (баш оона) 2011.