Арыков Ташмат (1937–2001) - акын, котормочу.

Акын Ташмат Арыков Москва районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Жети жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин 1953-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумунун зоотехникалык бөлүмүнө кирет. Аны 1957-жылы ийгиликтүү аяктаган соң ошол эле жылы Москва райондук «Эмгек даңкы» гезитине адабий кызматкер болуп орношот. Анын «Ак буудай» деген биринчи ыры өзү иштеген гезитте жарык көргөн.

Т.Арыков 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн соң, «Кыргызстан» басмасында кенже редакторлук милдетти аткарат.

1965-1980-жж. «Кыргызстан» басмасынын редактору, республикалык куурчак театрында адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу боюнча кызмат өтөгөн.

Анын ырлары республикабыздын басмасөз беттеринде жарыяланган.

Акындын «Жаштык күндөр» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1964-жылы жарык көргөн.

Ал Гомердин, Рудакинин, Саадинин, Жаминин, Шафинин, Есениндин, Хикметтин, Гамзатовдун, Каримдин, Кугультиновдун айрым ырларын кыргыз тилине которгон.

Т.Арыковдун бир топ ырларына обон чыгарылган.

1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

«Кыргызстан» басмасында көп жылдар бою эмгектенгендиги жана көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда көрсөткөн алгылыктуу иштери үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен эки жолу сыйланган.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Жаштык күндөр. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 118 б.
  • Талаа таңы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 55 б.
  • Жашоо: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 142 б.
  • Эстелик: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1971. – 79 б.
  • Тууган жерге кеткен жол: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 99 б.
  • Бакыт ыры. – Ф.: Мектеп, 1977. – 99 б.
  • Комуз: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 72 б.
  • Көңүл: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 76 б.
  • Гүлдесте: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 136 б.
  • Өмүрдүн төрт мезгили: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 152 б.
  • Сагыныч: Ырлар: Жаштар үчүн. – Б.: Адабият, 1991. – 128 б.
  • Комуз: Ырлар. – Б.: Адабият, 1993. – 320 б.
  • Суйуудон кумар тарабайт Ырлар жыйнагы. - Б.: Бийиктик, 2013. 428 б.

Орус тилинде түзөтүү

  • Четыре времени сердца Стихотворения. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 76 с.
  • Песни небесных гор Стихотворения. - Ф.: Кыргызстан,

Котормолору түзөтүү

  • Крустен Э. Оккупация: Аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 68 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү