Арык, урук
Арык тукуму, уругу - Баргы, Бугу, Нойгут урууларынын курамындагы уруктардын жана уруктар тобунун аталыштары катары маалым[1].
Параллелдери Казактарда “арык токум”, Түркмөндөрдө жана Каракалпактарда “арык” формаларында кездешет[2].
Этноним
түзөтүүЭтноним хакас тилинде эки маанини туюнтары маалым:
- Дарыянын ортолугунда пайда болгон арал;
- Аралда өскөн өсүмдүк, бак-дарактар;
Экинчи мааниси:
- Тунук;
- Ыйык[3].
Монгол тилинде(монг. ариг) “таза”, “тунук”, 2жакшы" дегенди аныктайт (Монгол орос толь, 1957,43). Кыргыздар менен этникалык жакындыгы аныкталган сары угурларда “арык” сөзү “таза” деген мааниден башка, “кытайлардын бийлигин тааныган түрк тилдүү мусулмандар” дегенди түшүндүрөт[4].
Тарыхы
түзөтүүXVIII к. арыктар өз алдынча урук болгондугу, кийинчерээк бугулардын курамына киришкендигин окумуштуулар өз иликтөөлөрүндө белгилеп жүрүшөт[5].
Эскертүүлөр
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 б. ISBN 9967-21-621-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|