Арык-Турук (Арык-Торук) - жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашгаринин «Дивани лугат-ит-түрк» (11-к.) китебинде «Арик-Турукту» деп эки жолу эскерет. Адегенде аны «Фергана менен Кашкардын ортосундагы бийик жердин аты, өтүүгө кыйын бийик жол, даван» деп белгилейт. Азыркы топографиялык карталарда номен «Арктурк суу», «Арык-Торук» ашуу жана « Арык-Торыксуу» болуп эки түрдө кезигет. Арык-Турук - Махмуд Кашгари мындан 900 жыл мурун жазгандай Фергана менен Кашкардын ортосунда жайгашкан бийик тоолуу (3000-4000 м) жер. Негизин түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 500 кмге созулган Арык-Турук суусунун тар капчыгайлуу эки өрөөнү ээлейт. Эки өрөөндүн ортосунда Арык-Турук ашуусу (3524 м) жайгашкан. Өрөөндү эки жактан куушурган Алайкуу менен Үч-Таш тоолору. Жайытка ылайыктуусу Арык-Туруктун түндүк-чыгыш жагы. Бул жерлерди эзелтен кыргыз журту мекендейт. Жол Махмуд Кашкар жазгандай Арык-Турук даванын ашып эки тарапты көздөй бет алат. Архивдик документте (1880-ж.) Улуу-Чаттан (азыркы Шинжаң-Уйгур автоном району) башталган жол «Арык-Турук» суусун бойлой, Саба-Жарды белин ашып, Алайкууга түшөт деп көрсөтүлгөн. 1885-ж. Арык-Турук жери менен түндүк-чыгыштан түштүк-батышты көздөй орус экспедициясы (Б. Л. Громбчевский, Ф. Касымбеков ж. б.) өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1