"Ар нерсенин теориясы" (англ. The Theory of Everything, орус. Теория всего) — 2014-жылы жарык көргөн Британиянын биографиялык романтикалык драмасы. Режиссеру Жэймс Марш. Энтони Маккартендин "Чексиздикке саякат: Жэйн Уайлд Хокингдин жанындагы Стивен менен жашоом" аттуу мемуарынан ылайыкташтырылып экрандаштырылган. Мемуарда теоретикалык физик Стивен Хокингдин мурдагы жубайы жолдошу менен болгон мамилелери, жолдошунун каптал амиотрофикалык склероз (КАС, Лу Гериг илдети же мотор нейтрондорунун илдети деген аталыштар менен да белгилүү) диагнозу жана ийгилиги тууралуу баяндалат.

Тасмада Эдди Редмэйн менен Фелисити Жонс башкы ролдорду, ал эми Чарли Кокс, Эмили Уотсон, Саймон Макберни, Кристиан Маккей, Гарри Ллойд жана Дэвид Тюлис экинчи пландагы актерлордун образдарын аткарышкан. Тасманын дүйнөлүк бет ачары Торонто эл аралык кинофестивалында 2014-жылдын 7-сентябрында болуп өткөн.

Кинотасма дүйнө жүзү боюнча оң сын-пикирге татыган. Музыкасы, тартылышы жана Фелисити Жонс менен Эдди Редмэйндин образдарды ачып бергени өзгөчө бааланган. Редмэйн ролу үчүн сыйлык тапшыруу иш-чараларында жана кинофестивалдарда көптөгөн наамдарды, анын ичинде Оскардын "Эң мыкты эркек актер" сыйлыгын алган. Тасма Алтын глобустун төрт сыйлыгына көрсөтүлүп, "Эң мыкты эркек актер — драма" (Редмэйн) жана "Эң мыкты музыка" (Йоханнссон) наамдарын утуп кеткен. АКШнын киноактерлор гильдиясынын сыйлыгына үч номинация боюнча көрсөтүлүп, Редмэйн "Эң мыкты эркек актер" наамын утуп алган. Ошондой эле Британия киноакадемиясынын сыйлыгына он номинация боюнча көрсөтүлүп, "Эң мыкты актер" (Редмэйн) жана "Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий" (Маккартин) категориялары боюнча жеңишке жеткен.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү