Асанбай Матили (1936) — Кытайдык кыргыз адабиятынын жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлеринин бири, акын, адабиятчы жана "Манас" эпосунун изилдөөчүсү[1]. Ал Шинжаңдагы Артыш ооданына караштуу Каражүл айылында 1939-жылы туулган.

Асанбай Матили
Туулган датасы:

1936 жыл(1936)

Туулган жери:

Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, Артыш шаар, Каражүл айылы

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз

Эрте Жашоосу жана Билими

түзөтүү

Асанбай Матили 1943-1951-жылдары диний мектепте билим алган. 1953-жылы Каражүл райондук оюн-зоок тобунда иштей баштаган. 1953-1956-жылдары Кашкардагы медицина окуу жайында окуган соң, 1956-1959-жылдары Шинжаң педагогикалык шөйуанынын адабият факультетинде билим алган. Бул мезгилде, 1957-жылы, акын өзүнүн алгачкы "Билбеймин" аттуу ырын жарыялап, адабий чөйрөгө таанылган.

Маданий Жумуштары жана "Манас" Эпосун Изилдөө

түзөтүү

Асанбай окуусун аяктагандан кийин кыска убакыт Кызыл-Cуу гезитинде иштеп, андан кийин маданий төңкөрүш мезгилинде оор жумуштарга тартылган. 1979-жылы акталып, 1981-1982-жылдары борбордук улуттар шөйуанында адабият мугалими болуп иштеген.

1983-жылы Асанбай Шинжаң уйгур автоном райондук эл оозеки адабиятын изилдөө коомунда "Манас" эпосунун изилдөө тобуна кошулуп, изилдөөчү катары иштөөгө киришкен. 1984-жылы манасчы Жүсүп Мамайдын "Манас" эпосунун биринчи жана экинчи китептерин, ошондой эле бир нече эпизоддорун басмага даярдап чыгарган.

"Манас" Эпосунун Басылып Чыгышы

түзөтүү

Асанбай Матили тарабынан басмага даярдалган "Манас" эпосунун "Жомок башы", "Кыргыздардын таралышы", "Алоокенин кыргыздарды чабышы" сыяктуу эпизоддорунда идеологиялык чагылышуулар жок болгондугу баса белгиленет. Бул иштер анын 1984-жылы жарыяланган китептеринде көрүнөт.

Булактар

түзөтүү
  1. Турдубаева, Н. Ш. (2020.10). "Жуңго Кыргыздарынын «Кыргыз Калемгерлери» Антологиясы Тууралуу". КМКТАУнун Жарчысы 69 (3). https://www.researchgate.net/publication/351507431_ON_THE_ANTHOLOGY_KYRGYZ_WRITERS_OF_THE_XINJIANG_KYRGYZ.