Аскер укугу - КРнын куралдуу күчтөрүн уюштуруу принциптерин, формаларын, аскерлерди башкаруу негиздерин, куралдуу күчтөрүн комплекттөө, аскердик кызмат өтөө тартибин; аларды материалдык жана акча каражаттары менен камсыз кылуу аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерди, пенсия, пособиелерди дайындоо жана башка жоопкерчиликтерди аныктайт. Аскердик укуктун негизги булактары катары КРнын эл аралык келишимдери, Конституциясы, «Коргоо жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана башка мыйзамдары, ошондой эле аскердик башкаруу органдарынын актылары: устав, жобо, усулдар, нускоолор, колдонмолор, эрежелер жана директивалар саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1