Difference between revisions of "Пакистан"

Flag of Pakistan.svg +
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
(Flag of Pakistan.svg +)
[[Файл:Flag of Pakistan.svg|thumb]]
'''Пакистан''', Пакистан Ислам Республикасы (Ислами Жумхурие Пакистан) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Афганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Индия менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км<sup>2</sup> (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 190,3 млн (2012; калкынын саны боюнча дүйнөдө 6-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупийи.
[[Файл:Map of Pakistan2.svg|thumb|Пакистан.]]
'''Пакистан''', Пакистан Ислам Республикасы (Ислами Жумхурие Пакистан) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан [[Иран]], батышынан, түндүк-батышынан [[Афганстан]], түндүк-чыгышынан [[Кытай]], чыгышынан [[Индия]] менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км<sup>2</sup> (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 190,3 млн (2012; калкынын саны боюнча дүйнөдө 6-орунда). Борбору – [[Исламабад]] шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупийи.
 
Пакистан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык атом энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Пакистан федерациялык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш демократиялык республика. Мамлекет башчысы – президент.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011)
Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент. Ал эки палатадан турат: төмөнкү (Улуттук ассамблея) жана жогорку (Сенат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт. Пакистанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Пакистан мусулман лигасы, Пакистан элдик партиясы, Пакистан коммунисттик партиясы ж. б.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:Азия]]
25,680

edits