Селен: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
{{Элементтердин мезгилдик системасы}} + Grey_selenium.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Grey selenium.jpg|thumb|Селен.]]
'''Селен ''' ([[Латын тили|латын тилиненлат.]]   Selenium), [[Д. И. Менделеев]] мезгилдик системасы VIА группа элементи; к.н. 34 [[ат. м.]] 78,96. Жаратылышта 6 туруктуу: 74Se; 76Se; 77Se; 80Se; 81Se; 82Se изотоптору аралашмасынан турат. Жасалма ыкма менен да көптөгөн изотоптору алынган. Негизгиси 75Se (Т1/2 =121күн). С. 1817-ж. Я.Берцелиус тарабынан ачылган жана Жер жандоочусу Айдын урматына “selenium” деп аталган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 6 ×10-5 % түзөт. С. аз өлчөмдө галенитте, темир, жез, цинк колчеданында кездешет. Минералдары: науманит - Ag2Se, клаусталит - PbSe, тиманит - HgSe, берцелианит - Cu2Se, онофрит - Hg(Se,S), халькоменит - CuSeO3×2H2O. С. - күңүрт боз металл. Бир канча полиморфтуу модификациясы бар, алардын ичинен гексагоналдык (боз) С. кадимки температурада туруктуу; балкып эрүү температурасы 220о ; кайноо температурасы 688 о ; тыгызд. 4,82 ''г''/''см3'' . С. типтүү жарым өткөргүч. [[химия|химимялык]]  бирикмелерде II, IV жана VI валенттүү. Кадимки шартта абада туруктуу, суюлтулган күкүрт к-тасы, кычкылтек жана суу менен аракеттенбейт. Азот к-тасында жана падыша арагында жакшы эрийт. Кычкылтекте же абада ысытканда оксиддери пайда болот. С. белгилүү бирикмелери: оксиддери - SeO 2, Se2O3 ; галогениддери -SeF 4, SeF6, SeCl4, SeBr2, SeBr4, Se2Br2, Se2Cl2 ; оксигалогениддери - SeOF 2, SeOCl2, SeOBr2 ; көмүртек селениди CSe 2, селен нитриди - SeN; фосфиддер – P4Se3, P2Se3, P2Se5 ; селен гидриди - H 2Se; С. к-талары – H2SeO3, H2SeO4 . С. түстүү [[металл|металлдар]] калдыгын кайра иштетүүдөн, целлюлоза - кагаз өндүрүшүнүн таштандыларынан, жез электролиттик шламдан алынат. Жарым өткөргүч катары электро-, радиотехникада жана фотоэлементтерди даярдоодо колдонулат. Айнек өндүрүшүндө, боек түрүндө, резинаны вулканизациялоодо, болоттун сапатын арттырууда, гидрогенизация процессинде катализатор катары пайдаланылат.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
 
[[Категория: Химия]]
{{Элементтердин мезгилдик системасы}}
[[Категория: Химия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Селен" булагынан алынды