'''Торий''' (латын тилинен Thorium), '''Th''') – [[Д. И. Менделеев]] мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 90, ат. м. 232. Т. массалык сандары '''''2'''''13Th - 236Th болгон 24 изотобу белгилүү, алардын ичинен туруктуусу 232Th. Т. жер кыртышында таралышы 8×10-4 %ке барабар. Т. 1815-ж. щвед химиги Йенса Якоба Берцелиус ачкан. Ал негизинен монацит (Ce, Th)PO4, торит ThSiO4, торианит (Th,U)O2 (77 %ThO2) минералдары курамында болот. Т. - күмүш түстүү, балкып эрүү температурасы 1750оС; кайноо температурасы 4200оС; бирикмелеринде +2, +3 жана +4 окистенүү даражаларын көрсөтүүчү металл. Т. абада окистенип, жука оксиддик кабык менен капталат: Th + O2 = ThO2 Т. суутек менен реакцияга кирип, гидрид пайда кылат:
Th + H2 = ThH2 ; 2Th + 3H 2 =2ThH3
Line 7 ⟶ 8:
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6