Ганг: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+
1-сап:
[[Файл:Har Ki Pauri, Hardwar.jpg|thumb|Ганг.]]
'''Ганг''', '''Ганга''' - [[Индия]] менен Бангладештеги [[дарыя]]. Узундугу 2700 км, алабынын аянты 2200 миң км<sup>2</sup>. Гималайдан башталат. Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгү аркылуу агып, Инди океанынан Бенгал булуңуна куярда Брахмапутра жана Мегхна дарыялары кошулуп жалпы дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары Жамна, Сон, Дамодар (оң), Гомати, Гхагхра, Гандак, Коси (сол). Режими муссондук, жайында деңгээли 15 мге чейин көтөрүлүп, ташкындайт. Орто чыгымы 13 миң м<sup>3</sup>/сек; чатынан 300 кмге чейин деңиз ташкыны таасир тийгизет. 1450 кмге (Гималайдын этегине) чейин кеме жүрөт. Ганг жана анын куймалары сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнда Аллахабад, Варанаси, Патна шаары, дельтасында Калькутта (Индия) деңиз порту жайгашкан. Ганг индустардын ыйык дарыясы катары эсептелет, жээктеринде зыярат жайлары бар.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияДарыялар]]
[[Категория:Индия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ганг" булагынан алынды