Гоби: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
+ Gobi Desert.jpg |
||
1-сап:
[[Файл:Gobi Desert.jpg|thumb|Гоби.]]
'''Гоби''' - (моңголчо говь суусуз, какшыган жер) – [[Борбордук Азия|Борбордук Азиянын]] түндүк жана түндүк-чыгышындагы [[Чөл|чөлдүү]], жарым чөлдүү аймак. [[Монголия]] менен [[Кытай|Кытайдын]] аймагында. Түндүгүнөн Моңгол Алтайы жана Хангай тоолору, түштүгүнөн Наньшань жана Алтынтаг тоолору менен чектешет. Узундугу 2000 кмдей, туурасы 400 кмге чейин. Аянты 2 млн км<sup>2</sup>дей. Басымдуу бөлүгү бийиктиги 900–1200 мге жеткен түздүк. Айрым тоо массивдери, токол тоолор, майда дөбөлөр кездешет. Таштуу жана кумдуу чөлдөр, оёңдорго такыр, шор жерлер мүнөздүү. Климаты кескин континенттик; жайкы (45°С) жана кышкы (–40°С) температуранын айырмасы өтө зор. Жылдык жаан-чачыны 70–200 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, негизинен бадал жана баялыш, түндүк-чыгышында дан өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, пржевальский жылкысы, жапайы төө жана эшек мекендейт. Калкынын негизги кесипчилиги мал-чарбачылык (төө, кой, жылкы), айрым жерлеринде дыйканчылык. Монголиянын чегинде Чоң Гоби коругу уюшулган.
[[Категория: География]]▼
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Категория:Монголия]]
|