Булак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Лесной ручей (A forest spring) - panoramio.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Лесной ручей (A forest spring) - panoramio.jpg|thumb|Булак.]]
'''Булак''', башат, кайнар – жер астынан өзү агып чыккан суу; жер астындагы суулардын жердин үстүнө же жер үстүндөгү суунун (агын суунун, саздын, көлмөнүн, көлдүн, [[Деңиз|деңиздин]]) түбүнө концентрацияланып чыгышы. Булак ар кандай көрсөткүчтөрү жана касиеттери, ошондой эле ошонун ичинде пайда болушу, дебити, жер үстүнө чыгуу шарттары, туруктуулугу, химиялык курамы, температурасы боюнча бир топ түргө бөлүнөт. Гидродинамикалык касиеттери боюнча «атырылып чыгуучу» жана «агып чыгуучу» болуп экиге бөлүнөт; химиялык курамы боюнча тузсуз жана туздуу сууларга; температурасы боюнча кайнаган, гипертермалдуу, термалдуу, субтермалдуу же жылуу, муздак, өтө муздак, муздуу, терс температурадагы болуп бөлүнөт. Айрыкча тоо тектердин жаракаларынан жана карстардан чыккан булактын дебити жогору. Б. тоолуу аймактарда көп. Тузсуз булактан эл ичет, мал сугарылат, кээде сугат үчүн керектелет. [[Минералдуу суулар|Минералдуу]] жана арашан булакттын дарылык касиети бар. Кыргызстанда булактын дээрлик бардык түрү кездешет.
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Агын суулар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Булак" булагынан алынды