Инд: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Файл:Indus.A2002274.0610.1km.jpg, links, categories
1-сап:
[[Файл:Indus.A2002274.0610.1km.jpg|thumb|Инд.]]
'''Инд''' – [[Кытай]], [[Индия]], [[Пакыстан|Пакистандын]] аймактары аркылуу аккан дарыя. Узундугу 3180 км, алабынын аянты 980 миң км<sup>2</sup>. Тибет тайпак тоосунан (Кайлас кырка тоосунан, 5300 м бийиктиктен) башталат; [[Гималай]] менен [[Гиндукуш]] тоо тармактары, ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрү Инд-Ганг түздүгүнүн батыш бөлүгү аркылуу агып, көп салаага бөлүнөт. [[Арап деңизи|Араб деңизине]] куярда аянты 8 миң км<sup>2</sup> болгон дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Гилгит, Кабул, Сатлеж (Панжнад). Суусунун орточо чыгымы Хайдарабад ш. тушта 3850 м?/сек (эң чоң чыгымы 30 миң м<sup>3</sup>/секдан ашык), буулануудан жана сугатка кеңири пайдалануудан төмөн жагында чыгымы азаят. Төмөнкү агымы жылдын кургакчыл мезгилинде соолуп калат. Режими муссондук, жазжай мезгилинде суусу кирип, түздүктөрдө деңгээли 5-7 мге чейин көтөрүлөт; суу ташкынынан коргонуу үчүн жээктери дамбалар менен тосулган. Индде плотиналар жана башкалар сугат курулмалары бар; алабында 12 млн гадан ашык жер сугарылат. Кабул дарыясынын чатына чейин мезгилмезгили менен кеме жүрөт. Боюнда [[Хайдарабад]], Суккур шаары; дельтасына жакын [[Карачи]] деңиз порту (Пакистан) жайгашкан.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:Дарыялар‎]]
[[Категория:ГеографияКытай]]
[[Категория:Индия]]
[[Категория:Пакистан]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Инд" булагынан алынды