Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Интрузия''' (лат. intrudo түртөм) – 1) [[Магма|магманын]] жер кыртышын түзүүчү тоотек катмарларын жиреп чыгуу (таралуу) процесси; 2) магма тоо тектеринен турган жана магманын жер кыртышында катып калышынан пайда болгон геологиялык тулку (интрузия, интрузия тулкусу, плутон). Мындан интрузия тоо тектер пайда болот. Жанаша жаткан тоо тектердин түзүлүшүнө карата бирдей (катмар интрузиясы, лополит жана башкалар) жана иретсиз жаткан интрузия болуп (батолит, шток, дайка жана башкалар) бөлүнөт. Пайда болуу тереңдиги боюнча тереңдиктеги (абиссалдык) жана жер бетине жакын (гипабиссалдык) интрузия болуп ажыратылат.
 
[[Категория:Табият]]
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:ТабиятГеология‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Интрузия" булагынан алынды