Кара-Мойнок тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
м + links
 
1-сап:
'''Кара-Мойнок тоосу''' – [[Ички Теңир-Тоо|Ички Теңир-Тоодогу]] [[Жумгал кырка тоосу|Жумгал кырка тоосунун]] бир тармагы. Түштүгүнөн Батыш жана Чыгыш [[Сөөк суу|Сөөк суулары]], түндүгүнөн Каракол өрөөнү чектейт. Чыгышында Кочкор, батышында [[Суусамыр өрөөнү|Суусамыр тектоникалык өрөөндөрү]] жатат. Узундугу 64 км, эң жазы жери 16 км, Орточо бийиктиги 3850 м, эң бийик чокусу 4281 м (Кара-Мойнок). Негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, порфир, сланец жана гранит-диорит тоо тектеринен турат. Түндүк капталында алгачкы плейстоцендин мореналары бар. Батышы жапыз, Түндүк капталы тик. Мында тектоникалык жарака аркылуу неогендин чополуу тектери бийик көтөрүлгөн. Неотектон. тиби – мегантиклиналь. Торпу менен Сөөктүн сол куймаларынын жана Каракол суусунун башы мөңгүлүү. Шалбаалуу талаа (2500– 2800 м), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (2800–3800 м), нивалдык (3800– 4200 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Терең өрөөндөрдүн айрым жеринде (3000 мден төмөн) майда бадалдар өсөт.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:ГеографияТоолор‎]]
[[Категория:Теңир-Тоо]]