Кара-Ой жарым аралы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Кара-Ой жарым аралы''' [[Ысык-Көл|Ысык-Көлдүн]] Түндүк жээгинде. Кара-Ой кыштагынын жанында. Көлгө 3,1 км кирип жаткан аккумуляциялык урчук. Туурасы 4,5 км. Кумдук, чопо, шиленди тектерден түзүлгөн. Голоценде туурасы 2,1–0,74 км болгон тектир пайда болгон. Эки капталынан Чоң-Кой-Суу жана Чолпон-Ата сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Суу астындагы уландысы 2,5 кмге (20 м тереңдикке чейин) созулат. Жээгинде кумдуу пляждын тилкеси (туурасы 10 мге чейин) бар. Батыш жээги шагылдуу сайроондордон турат. Капталдарында кумдук тоо тегинин такталары 3–5 м тереңдикке чейин жетет. Чыгыш жээгинин ортоңку бөлүгүн (300 мге чейин) кумдук текши каптайт.

Кара-Ой тумшугундагы кумдуу пляж 1979жылдан1979-жылдан 1985-жылга чейин 100 мге кеңейген. Жарым аралдын чыгыш жагында (тумшукка жакын) туурасы 10–50 мге жеткен лагуналар жатат. Кара-Ой жарым аралына эс алуу жайлары курулган.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Кыргызстандын географиясы‎]]