Көк-Жаңгак: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м no summary specified |
+ links |
||
24-сап:
|таблицадагы облус =
|район түрү =
|район = Сузак району
|таблицадагы район =
|коомдун түрү =
62-сап:
}}
'''Көк Жаңгак''' — («көк» иран тилдеринде «кух» — тоо маанисин билдирет; тоо жаңгагы) — [[Жалал-Абад облусу|Жалал-Абад облусундагы]] [[Сузак району|Сузак районунун]] аймагында, шаар (1943-жылдан); темир жол бекети. Шаар [[Фергана тоо тизмеги|Фергана тоо тизмегинин]] түштүк-батыш этегинде, [[Көгарт|Көгарт суусунун]] сол куймасы — Коргонташ суусунун боюнда, Cерүүн-дөбөгө жакын, деңиз деңг. 1350—1590 м бийиктикте жайгашкан. Жалал-Абад шаарынан 30 км түн.-чыгыш тарапта, табияты кооз жаңгак-жемиш токойлуу аймакта жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын кышы жумшак (январдын орт. температурасы —10°Cге чейин), жайы салкын (июлдуку 20°C). Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 450 мм, көбүнчө кыш ж-а жаз айларында жаайт. 1958-ж. К. ш-нда калктын саны 27 миңге жеткен. Калкы 10374 (2001).
▲'''Көк-Жаңгак''' («көк» иран тилдеринде «кух» – тоо дегенден; тоо жаңгагы) – Жалал-Абад облусундагы шаар (1943-жылдан), темир жол бекети. Сузак районунун аймагында. Шаар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш этегинде, Коргон-Таш (Көгарттын сол куймасы) суусунун боюнда, Серүүн-Дөбөгө жакын, деңиз деңгээлинен 1350–1590 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Шаар жайгашкан аймактын табияты кооз, жаңгак-жемиш токойлуу. Кышы жумшак (январдын орточо температурасы –10<sup>0</sup>Сге чейин) жайы салкын (июлдуку 20<sup>0</sup>С). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 450 мм, көбүнчө кыш жана жаз айларында жаайт. Калкы 10,5 миң (2009); көп улуттуу: негизинен кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар,курд ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көк-Жаңгак кыштак катары 1896-ж. негизделген. Анын эски калдыктары шаардын түштүк-батыш тарабында (4–5 км аралыкта) тоонун этегинде сакталган. Көмүр 1910-жылдан казылып алына баштаган. 1931-ж. Багыш – Көк-Жаңгак темир жол курулган. 1932-ж. «Көк-Жаңгак көмүр» кен башкармасы уюшулуп, анда алгачкы жолу план боюнча 160,5 миң т, ал эми 1970-ж. 724 миң т көмүр казылып алынган. Шаарда Таш-Көмүр шахтасы, кийим тигүү цехтери (1968-ж. фабрика), «Жетиген» (1972-ж. ишке киргизилген «Профиль» заводу), «Коргон-Таш», «Тулпар» АК, «Гүлазык» нан заводу, банк, байланыш түйүнү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, басмакана, дүкөн, ашкана, чайкана, ресторан ж. б. иштейт. Шаардын экономикалык байланыштары темир жана автомобиль жолдору аркылуу жүргүзүлөт. Көк-Жаңгак автобекети 1979-ж. курулган. Шаарда кесиптик-техникалык лицей, 5 орто, музыкалык жана спорт мектептери, шаардык китепкана, оорукана (1935-жылдан иштейт), 4 бала бакча, бейтапкана, дарыкана, тез жардам берүү бөлүмү (1934), музей (1985), маданият үйү, кинотеатр ж. б. мекемелери бар. Совет бийлигин орнотууда жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Шаардык «Көк- Жаңгак кабарлары» гезити чыгат.
[[Категория: География]]▼
==Колдонулган адабияттар==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. ISBN 9967-14-006-2
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 [[Категория:Кыргызстан шаарлары]]
|