Пьер Кюри: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Pierre_Curie_by_Dujardin_c1906.jpg, wikidata, links
1-сап:
[[Файл:Pierre Curie by Dujardin c1906.jpg|thumb|Пьер Кюри (1906)]]
'''Кюри Пьер''' (15. 5. 1859, [[Париж]] — 19. 4. 1906, ошол эле жер) — [[Франция|франциялык]] [[Физика|физик]]. Франция Илимдер академиясынын мүчөсү (1905), Нобель сыйлыгынын (1903) лауреаты. Париж университетин бүтүрүп (1877), анда ассистент болуп иштеген. 1882—1904-жылдары Парижде физика, химия мугалими, Париж университетинде профессор (1904). Негизги эмгектери кристаллдын физикасы, магнетизм жана радиоактивдүүлүккө арналган. Бир тууганы Поль Жан Кюри менен бирге пьезоэлектр кубулушун ачкан жана изилдеген (1880). Кристаллдардын симметриясын (Кюри принциби) жана жалпы эле физикадагы симметрия маселелерин (1894) изилдеген. Магниттик кубулуштарды изилдөө П. Кюриге парамагниттик заттардын магниттик кабылдоосунун абсолюттук температурага көз карандылыгын (Кюри закону) аныктаган жана ферромагниттик материалдар парамагниттикке айлануучу (Кюри чекити) өзгөчө температураны аныктоого мүмкүндүк түздү. 1898-жылдан аялы [[Мария Склодовская-Кюри|М. Склодовская-Кюри]] менен бирге радиоактивдүүлүктү изилдей баштаган. Алар полоний, радийди ачып, радийдин нурлануусунун татаал курамын жана бул нурдун таасиринен айнек менен фарфордун боёло тургандыгын аныктаган. 1903-жылы П. Кюри радий тузу өзүнөн өзү жылуулук чыгара турганын ачып, радиоактивдүүлүктүн биологиялык таасирин да изилдеген.
[[Категория:Инсандар]]
 
== Байланыштуу макалалар ==
* [[Кюрий]]
* [[Мария Склодовская-Кюри]]
* [[Пьер жана Мари Кюри университети]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Франция]]
[[Категория:1859-жыл]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Пьер_Кюри" булагынан алынды