Географиялык алкак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белги: Жаңы багыттама
Белги: Removed redirect
 
1-сап:
'''Географиялык алкактар''', [[Физикалык география|физикалык географиялык]] алкактар, табигый алкактар географиялык кабыктын зона боюнча эң ири бөлүнүшү. Негизинен кеңдик же субкеңдик боюнча созулат. Ар бир алкакка термиялык шартынын жалпылыгы (негизинен жер бетине түшкөн күн радиациясынын өлчөмүнө байланыштуу), аба массаларынын циркуляциясынын жана зат айлануусунун жалпы өзгөчөлүктөрү, [[Геоморфология|геоморфологиялык]], [[Биохимия|биохимиялык]] жана башка процесстеринин бөтөнчөлүгү, [[Өсүмдүктөр|өсүмдүк]] вегетациясынын белгилүү бир ритмикасы жана башка мүнөздүү. [[Климат|Климаттык]] факторлорго (негизинен мезгилден мезгилге карата жылуулук менен нымдын айырмасы) жана океандан материктин ичин карай алыстыгына карата географиялык алкактар секторлорго ([[океан]] жээктик, ички материктик жана алардын арасындагы өтмө) жана физикалык географиялык зоналарга бөлүнөт; ал эми тоолуу аймактарга бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Географиялык алкактар рельефтин же океандык агымдардын таасиринен кеңейет же кууштап кетиши мүмкүн. Кургактыкта адатта экватордон уюлдарды карай экватордук алкакка, экиден (Түндүк жана Түштүк жарым шарларда) [[Субэкватор алкактары|субэкватордук]], [[Тропик алкактары|тропиктик]], субтропиктик, [[Мелүүн алкактар|мелүүн алкактарга]] бөлүнөт; Түндүк жарым шардын жогорку кеңдиктеринде субарктикалык жана арктикалык, Түштүк жарым шарда субантарктикалык жана антарктикалык алкактар жайгашкан. Географиялык алкактар [[Дүйнөлүк океан|Дүйнөлүк океандарда]] да байкалат, бирок алар көбүнчө бир түрдүүлүгү менен айырмаланат.
#REDIRECT [[Географиялык алкактар]]
 
== Байланыштуу макалалар ==
* [[Субарктика алкагы]]
* [[Мелүүн алкактар]]
* [[Тропик алкактары]]
* [[Субэкватор алкактары]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б.
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
 
[[Категория:География]]
[[Категория:Биология]]