Тегеран конференциясы (1943): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Файл:Tehran Conference, 1943.jpg + links + categories
1-сап:
[[Файл:Tehran Conference, 1943.jpg|thumb|Тегеран конференциясы: Сталин, Рузвельт, Черчилл.]]
'''Тегеран конференциясы (1943)''' – [[экинчи дүйнөлүк согуш]] жылдарында союздаш үч өлкөнүн (СССР, АКШ, Улуу Британия) лидерлеринин биринчи конференциясы. [[1943]]-ж. 28-ноябрдан 1-декабрга чейин Тегеранда өткөн. Конференцияга СССР Эл Комиссарлар Советинин (ЭКС) төрагасы [[Сталин, Иосиф Виссарионович|И. В. Сталин]], АКШнын президенти [[Ф. Д. Рузвельт]], Улуу Британиянын премьер-министри [[Черчилл, Уинстон|У. Черчилл]] катышкан. Конференцияда негизги маселе катары экинчи фронтту ачуунун мезгили жана орду белгиленип, 1944-ж. майда Франциянын түндүгүндө десанттык операцияларды баштоо тууралуу чечим кабыл алынган. Иранга көз карандысыздыкты берүү жөнүндө маселе талкууланган. Польшага өз жерин кайтарып берүү жана анын батыш чек арасын белгилөө жөнүндөгү чечимдер ырасталган. Япониянын советтик чек араны бир нече жолу бузгандыгы эске алынып, фашисттик Германия толук талкаланган соң, СССР Японияга согуш ачарын билдирген. Конференцияда Германияга каршы биргелешип согушуу, үч державанын согуштан кийинки кызматташтыгы жөнүндө Декларация кабыл алынып, тынчтыкты чындоо жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча алар бирдей көз карашка жетишишкен.
[[Категория:Дипломатия]]
 
[[Категория:Тарых]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:Дипломатия]]
[[Категория:Экинчи дүйнөлүк согуш]]
[[Категория:Тарых1943-жыл]]