Онкология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
м fix category
1-сап:
'''Онкология''' — [[Медицина|медицинанын]] шишиктердин пайда болуусун, өөрчүүсүн, клиникалык өтүшүн изилдөөчү жана аны диагноздоо, дарылоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Клиникалык медицинанын цитология, генетика, биохимия, патология, имуннология, вирусология, радиология, ошондой эле хирургия тармактарынын жетишкендиктерине байланыштуу эксперименттик жана клиникалык онкология калыптанган. Шишиктердин пайда болуу себебин билүү үчүн көптөгөн эксперименттер жүргүзүлүп, жаныбарларда түрдүү сырткы таасирлер, ошондой эле химиялык бирикмелер шишикти пайда кылары далилденген. 1915-ж. япон илимпоздору канцероген заттардын таасири менен жаныбарда рак шишигин чакырышкан (таш көмүр чайырын коёндун терисине такай сыйпаганда, ал жерде рак пайда болгон). Кийин рентген нурунун радиоактивдүү изотоптордун канцерогендик таасири аныкталган. Кыргызстанда рак оорусунун таралуу өзгөчөлүгүн, анын диагноз коюу, дарылоо жолдорун Улуттук онкология борбору изилдейт.
 
[[Категория:Оруулар]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:ОрууларМедицина]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Онкология" булагынан алынды