Көбөйтүү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Көбөйтүү
1-сап:
[[Файл:Three by Four.svg|thumb|Көбөйтүү.]]
'''Көбөйтүү''' – ар кандай эки чыныгы сан боюнча үчүнчү чыныгы санды табуучу арифметикалык амал. Мисалы, aˑb=c, a, b — Көбөйтүүчүлөр, c — көбөйтүндү; демек, a санын b санына К. а санын өзүн өзүнө b жолу кошуу дегенди билдирет. Көбөйтүү амалы × менен белгиленет жана а×b же а b деп жазылат. C барабардыгы менен аныкталат. Эки рационалдык санды Көбөйтүүдө абсолюттук чоңдугунун көбөйтүндүсүнө барабар болгон жана эки Көбөйтүүчү тең бирдей белгиде болсо, анда плюс (+), түрдүү белгиде болсо, минус (—) белгидеги сан алынат. Иррационалдык сандарды Көбөйтүү аларды рационалдык жакындатуунун жардамы менен эсептелет. Комплекстик сандарды Көбөйтүү төмөнкү барабардыкта аткарылат: (a+bi)(c+di)=ac—bd+ +(ad+bc)i ж. б. Сандарды Көбөйтүү төмөнкүдөй касиеттерге ээ: ab=ba орун алмаштыруу закону; abc = =( ab)c = a(bc) топтоштуруу закону; а(Ь+с)=аЬ++bc, бөлүштүрүү закону жана а.0 = 0; а.1= а.
 
[[Категория: Математика
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория: Математика]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Көбөйтүү" булагынан алынды