Европа: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Грамматикалык каталар
Белгилер: Reverted Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
м Reverted edits by 185.117.148.141 (talk) to last revision by 180.251.147.213
Белгилер: Rollback Disambiguation links
1-сап:
{{маанилер|2=ЭвропаЕвропа}}
[[Файл:Europe orthographic Caucasus Urals boundary (with borders).svg|thumb|ЭвропаЕвропа.]]
'''ЭвропаЕвропа континенти''' – дүйнө бөлүгү, [[ЭвразияЕвразия|ЭвразияЕвразия]] материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деңизи, Кума-Маныч ойдуңу жана Керч кысыгы (кээде Чоң Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн'' км''2 (аралдары менен). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан [[Түндүк Муз океан]] жана анын деңиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деңиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деңиздери, Түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деңизи менен чулганат. Түзөң аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ''ватт'' (марш), тектон., ''фьорд'', ''шхер'', ''риас'', ''дальмация'' тибиндеги жээктер да мүнөздүү. ЭвропанынЕвропанын эң четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуңчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миң'' км''2дей; эң чоңдору – Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – ЭвропанынЕвропанын эң Түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуң-буйткалуу. ЭвропанынЕвропанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш ЭвропанынЕвропанын эң алыс жери 1600 км, Батыш ЭвропаныкыЕвропаныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. жана статистикалык-экон. эмгектерде ЭвропагаЕвропага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта ЭвропаЕвропа эки бөлүккө – Чыгыш ЭвропагаЕвропага жана Батыш ЭвропагаЕвропага бөлүнөт. ЭвропанынЕвропанын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 ''м''дей. Эң бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 ''м''; эгерде Азия менен ЭвропанынЕвропанын чек арасы Чоң Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 ''м'') болмок. Эң жапыз жери Каспий бою ойдуңу, ал деңиз деңгээлинен 28 ''м'' төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуңдуу түздүктөр жана дөңсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш ЭвропанынЕвропанын рельефи бир кылка, анда ''Чыгыш ЭвропаЕвропа'' ''түздүгү'' (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн Түштүк-чыгыш бөлүгү (''Каспий бою ойдуңу'') деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – ''Ортоңку ЭвропаЕвропа түздүгү'', ''Төмөнкү Дунай түздүгү'', ''Орто Дунай түздүгү'', ''Париж'' ''бассейни'', ''Падан түздүгү''. Борбордук ЭвропагаЕвропага, Түндүк жана Түштүк ЭвропанынЕвропанын жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эң бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. ЭвропанынЕвропанын чыгыш чегинде ''Урал'' тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат.
 
Эң байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – ''Чыгыш ЭвропаЕвропа платформасы'' (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш ЭвропаЕвропа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн ''Байкал бүктөлүүсүнө'' Тимань токол тоосу, Печора ойдуңу, Кола жарым аралынын Түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган ''каледон бүктөлүүсүнө'' Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын Түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон ''герцин бүктөлүүсүнө'' Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаңы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон ''альп бүктөлүүсүнө'' – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деңиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деңиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башка), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын Түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай.
 
==Климаты==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Европа" булагынан алынды