Bosogo
10000+ | Бул колдонуучу Кыргыз Википедиясында 10000 ашык түзөтүү жасады. |
Аты-жөнүм: Коёналиев Айбек
Байланыш үчүн: bosogo00@gmail.com
Кыргыз (жигердүү 2021-жылдан) жана орус тилдүү Википедияларынын (2018-жылдан) катышуучусумун. Орус тилдүү Википедиясынын Кыргызстан ж.б. Кыргызстан менен байланыштуу макалаларды толуктоого катышкам. Бирок, эми Кыргыз Википедиясын гана жакшыртканга умтулам.
Кыргыз Википедиясы өнүгүшү үчүн жана кыргыз тилдин маанилүүлүгүн арттыруу үчүн бардык маанилүү түзөтүүлөрдү Кыргыз Википедиясында гана кылуу керек. Эгерде Кыргыз Википедиясы кыргыздарды кызыктырган темаларды башка Википедияларга караганда кайталангыс, толук кандуу жана актуалдуу маалымат менен чагылдырса, анда Википедиябызга эки тилдүү окурмандарты тартып алса болот. Эгерде башка тилдүү Википедияларда Кыргыз Википедиясындагы маалымат болсо, анда инерция боюнча кайсы Википедияны тандалганын билсеңиз керек. Андыктан кыргыз википедиячыларды кайталангыс мазмунду Кыргыз Википедиясында гана жаратып, ошо менен ырахаттанганды чакырам. Көрөсүздөр акырындап эмгегиңиз Кыргыз Википедиясынын баркына пайда тийгизип баштайт. Акырындап «Кыргыз Википедиясы Кыргызстан менен байланыштуу темаларга эң мыкты булак» деген макам пайда болот. Ошондуктан маалыматтарды жаңыртып жатасызбы, сүрөттөрдү жүктөйсүзбү (кыргызча издегенде интернеттен табылат + биздин википедиячыларга ыңгайлуу) биздин долбоорубузда гана кылсаңыздар. Ал менен кыргыз тилине да көмөк көрсөтөсүз (пайдасы бар тилге кызыгышат).
Улам https://translatewiki.net/ долбоорунда да иш жүргүзөм.
Кыргыз Википедиясы кыргыз тилдин аны менен кыргыз элинин өнүктүрүү булактарынын бири болушу зарыл.
Макалалар
Казакстандагы нааразылык жүрүштөр (2022)
Кыргызстандын айылдары жана айыл аймактары
ж.б.
Калыптар
ж.б.
Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү
Башкы барак (Калып:Викимедиа долбоорлору, Калып:Кош келиңиздер! ж.б.)
ж.б.
Котормолор
Wikipedia_User_Name.webm.ky.srt
Сыпаттоо