Архив
Архив
Баарлашуу архиви:

Африка этностору боюнча түзөтүү

Салам алейкум, у. Bоsоgо!

Кыргыз тилинде макалаларды жазып баштадым. Бирок текшере тургандардан эч ким жок. Азырынча темам – Африкада жашаган этностор жөнүндө (Категория:Африка этностору - Дүйнө элдери категориясында). Сиз карап көрбөйсүзбү (сураныч), жок дегенде үстүртөн же тандалма жол (выборочно) менен. Эгер макала начар болуп калса (котормосу сапатсыз, мазмуну түшүнүксүз же мааниге келбеген, логикалык жаңылыштар, грамматикалык каталар ж.б. критерийлер боюнча) – анда ал макаланы мүмкүнчүлүк бар болсо ондоп-түзөттүп койгула. Бирок такыр болбой баратса – өчүрүп жок кылып таштагыла. Ошондо жазганымды токтотоюн, бекер убакытты коротпой жана керексиз макалаларды жүктөбөй. Эгер жазганым канаттандырса – анда ошол тандалган ыкма (шаблон) менен... уланта берейин. Анан билейин дедим эле, эмне үчүн жазган макалаларыма запрос кылганда kgпедиядан чыкпай атат? Рахмат. Чагылган (баарлашуу) 08:14, 23 Август (Баш оона) 2022 (UTC))

@Чагылган Алейкум салам !
Мекенибиздин Эгемендүүлүк күнү менен !
Эми эле жооп бергенге убакыт таптым. Салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Тескеринче ар бир википедиячы саналуу. Көбүрөөк салымыңызды кошуңуз)
Макалаларды жакшыртуу үчүн бир топ кеңешим бар:
1) макалаңыздарда бөлүмдөрдүн ордуна, калыңдатылган текст жазылып калыптыр. Оңдоо режиминде бөлүмдөрдү кошуу үчүн интерфейстин жогору жактагы "paragraph" баскычын басып "баш сөз", "sub-heading 1" ж.б. белгиленген текстке колдонсоңуз болот. Булагын оңдоо режиминде бөлүмдү түзүү үчүн "=" белгилери колдонулат. Мисалы, "== текст ==". Кичи бөлүмдөрдү түзүү үчүн "=" белгиси кошула берет. Мисалы, "===текст===" (аралыкты калтырбай да жазса болот). Бөлүмдөр калыңдатылбайт;
2) "шилтемелер" деген бөлүм булактарга арналса, анда "булактар" деп алмаштырып койсоңуз жакшы болмок. Эгерде ал бөлүмдү тема боюнча кошумча маалымат алуу үчүн түзсөңүз анда аны "сырткы шилтемелер" деп койсоңуз болот.
Кайсы жерде кайсы булак колдонулганы билгилүү болушу үчүн сноскалар[1][2] колдонулат.
Окурманга айкалышкан теманы сунуштасаңыз макаланын аягында ("булактар" бөлүмүнө чейин) "дагы караңыз" бөлүмүн түзсөңүз болот;
3) көбүрөөк ички шилтемелерди берүү (викиштерүү);
4) тема боюнча сүрөттөрдү кошуу (адамдарды, турмушту ж.б.). Bosogo (баарлашуу) 10:26, 31 Август (Баш оона) 2022 (UTC)


Bosogo. Рахмат. Сизди да бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Жооп берген үчүн рахмат. Чагылган (баарлашуу) 16:06, 31 Август (Баш оона) 2022 (UTC))

Wikidata 2022 Istanbul түзөтүү

 
This Star Is For You!
Thank you for attending the Wikidata 2022 Istanbul Conference, held in Istanbul, Türkiye (Turkey), from 21 to 23 October 2022. See you again! Kurmanbek (баарлашуу) 19:05, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 (UTC)
I was very pleased to participate. I also hope to see you again! Bosogo (баарлашуу) 04:13, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 (UTC)

Эберт Фридрих түзөтүү

Саламатсызбы! "Эберт Фридрих" деген макаланы өчүрө аласызбы, Кыргыз Википедиясында бул адам тууралуу макала бар (Фридрих Эберт). Рахмат! Foggy kub (баарлашуу) 18:32, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 (UTC)

Саламатчылык. @Foggy kub Ал баракты Фридрих Эберт макаласына багыттап койдум. Bosogo (баарлашуу) 04:17, 30 Декабрь (Бештин айы) 2022 (UTC)

Токтосунов Болот түзөтүү

Hi Bosogo. Токтосунов Болот was recently nominated for deletion as "spam" and is currently on m:Global sysops/Requests. I was wondering if you could look at it instead of global sysops. Thanks. Styyx (баарлашуу) 19:18, 19 январь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Styyx Hi. Judging by his biography, he may well meet the criteria of significance. His death was mentioned in the media. Some sources are limited to a paid subscription, but I think the article can be improved.
Also, the editor itself reacted to the template. Bosogo (баарлашуу) 02:04, 20 январь 2023 (UTC)Жооп берүү

Сиздин ой пикириңиз. түзөтүү

Саламатсызбы! Мен өзүмдү администраторлукка шайлоого бул макалада — Шайлоо сиздин ой пикириңиз керек. Чоң рахмат.

Миномёт - Минаатаар түзөтүү

Саламатсызбы, урматтуу Bosogo! Кечиресиз, бирок менин өзгөртүүлөрүмдү өзгөртүүңүзгө ыраазычылык билдирем, бирок орус сөздөрүнөн алысыраак болсок кандай дейсиз? Мисалы миномётту да, казактар да, өзбектер да Мина-атар дешет экен, урматтуу Bosogo, түшүнүгүңүз үчүн чоң рахмат! Lauriswift911 (баарлашуу) 18:01, 29 январь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Lauriswift911 Саламатчылык. Википедия — энциклопедия. Бул жерден булактарга таянып жазышыбыз керек. Википедиядан өз ойлоп тапкан жаңы түшүнүктөрдү жайылтууга укуктуу эмеспиз. Издеп көрсөм бир да кыргыз тилдүү булактарында "минаатар" колдонгонун тапкан жокмун. Bosogo (баарлашуу) 18:13, 29 январь 2023 (UTC)Жооп берүү
<ref> https://el-sozduk.kg/slovari/tolkovyy-slovar-kyrgyzskogo-yazyka-2015/<ref> Толковый словарь кыргызского языка 2015, ал сөздүгүндө Миномёт деген кыргызча “Мина менен атуучу согуш куралы” болуп которулган.
<ref> https://el-sozduk.kg/slovari/tolkoviy-slovar-kyrgyzskogo-yazyka/<ref> Толковый словарь кыргызского языка 1969 сөздүгүндө, да “Мина менен атуучу согуш куралы” болуп которулган. Lauriswift911 (баарлашуу) 18:18, 29 январь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Lauriswift911 Сиз "миномёт" деген түшүнүктүн (сөздүн) аныктамасын келтирдиңиз.
Аскердик түшүнүктөрдүн сөздүктөрүнөн карап көрүш керек. Bosogo (баарлашуу) 18:23, 29 январь 2023 (UTC)Жооп берүү
Биздики аскердик сөздүктөр жок болгондуктан, жөнөкөй сөздүктөр кээде ар кайсы тилдерден сөздөрдү ала беришет, биздин Казак, Өзбек туугандарыбыздын тилине таянсак кандай болот? Lauriswift911 (баарлашуу) 18:29, 29 январь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Lauriswift911Аскердик сөздүктөрүбүз бар, бирок интернетке жарыяланбашы мүмкүн. Бул маселени Википедиядан тышкары чечиш керек. Маалымат жеткиликтүү болушу керек. Бирок тилекке каршы абалыбыз ушундай. Андыктан айтылган сөздүктүктөрдү интернеттен тышкары издөө керек.
Википедия - энциклопедия. Bosogo (баарлашуу) 18:39, 29 январь 2023 (UTC)Жооп берүү
Өкүнүчтүү, бирок, сизге чооң ыраазычылык билдирем… Lauriswift911 (баарлашуу) 18:52, 29 январь 2023 (UTC)Жооп берүү

Сиздин жардамыңыз керек түзөтүү

Саламатсызбы! Англис Википедиянын [1] өчүрүлүүгө талапкерлиги (Кыргыз биримдиги) жөнүндөгү билдирүүлөрдү талдап чыгууга жардам бериңиз. Алдын ала рахмат! Foggy kub (баарлашуу) 14:43, 4 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү

Саламатсызбы түзөтүү

Арыбаңыз, Бельгиянын немис тилдүү жамааты макаласындагы калыптын жок кылышынын себеби? Lauriswift911 (баарлашуу) 17:49, 4 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү

Таблица калып эмес. Bosogo (баарлашуу) 17:49, 4 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
Кыргыз Википедиясында тилдүү коом тууралуу калыа жок болгондуктан, таблица (тизме) менен колдонуунун неси жаман? Lauriswift911 (баарлашуу) 17:51, 4 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
Таблица менен калыптын айырмасын билет турбайсызбы.
Экинчиден, Белгиянын немис тилдүү жамааты — административдик-аймактык бирдик. Макаланы жакшы түшүнбөй котордуңуз окшойт. Мына керектүү калып: Калып:Административдик_бирдик.
Үчүнчүдөн, макаланын көрүнүшүн бузбай жөн гана сүрөттүн өзүн жайгаштырса болот. Башкалар сиздин артыңыздан макаланы жакшыртууга милдеттүү эмес. Кылганыңыз Кыргыз Википедиясынын баркына сокку. Окурман начар таризделген, аталышы туура эмес берилген ж.б. кемчиликтери бар макаланы көрсө эмне дейт ? Бул автоматтык түрдө кыргыз тилинин баркына сокку болот.
Сапатсыз, сабатсыз макаланы эч ким окугусу келбейт. Bosogo (баарлашуу) 18:12, 4 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
Бул акимий бирдик эмес, бул тилдүү коом/жамаат. Расмий түрдө бул акимий бирдик болуп бекитилген эмес. Lauriswift911 (баарлашуу) 18:22, 4 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
@Lauriswift911 Кандай болсо да, башка тилдүү викилерде калыптар колдонулат. Бул жамааттын аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары, өз аймагы бар.
«Административдик» деген сөздүн ордуна «акимий» деп колдонгонуңуз туура эмес. Кандайдыр бир сөз казак тилинен алынса кыргыз болуп калбайт. Орус тилинен алысыраак болойлу деп казак тилине алмаштырып жатасыз.
Кыргызстанда, аким - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (элде акимчилик дешет) башчысы. Акимчиликтер райондорду башкарат. Bosogo (баарлашуу) 06:38, 5 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
Анда жок кылуунун ордуна калып түзүп бербейсизби? Анан мен өзүм эле бүт Кыргыз википедиясынан жок кылып бермекмин, а сизге болсо жөн турган нерсени жок кылыш керек болуп атабы? Ал таблицада туу менен герб көрсөтүлүп турат, а сиз маалыматты жок кылып жатасыз. Lauriswift911 (баарлашуу) 06:44, 5 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
Жогоруда жазганымдай сиздин артыңыздан бирөө оңдогону милдеттүү эмес. Бардык Википедияларда калыптанган практикага ылайык википедиячы кандайдыр бир салымын кайтарып койбошу же өчүрүп салбашы үчүн өзү аракеттениши керек. Башка бирөө өз ыктыяры менен оңдоп коюшу мүмкүн, бирок милдеттүү эмес. Макаланы өчүргөн жокмун, көрүнүшүн бузган таблицаны гана өчүрдүм. Эгерде ушул туу менен гербди өзүнчө жайгаштырсам, башка макаладыгай кайтармаксыз. Bosogo (баарлашуу) 06:55, 5 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
Ошол үчүн мен айттымда “өзүм эле бүт таблицаларды алмакмын деп”, мен башка эчкимди жумшаган жокмун, эгерде сиз калып түзгөндү билбесеңиз, анда таблицаларды жок кылуунун зарылын билген жокмун, сиз башкаларга берилген маалыматты “таблицада” жазылгандыгы үчүн эле жок кылып атасыз. Lauriswift911 (баарлашуу) 07:07, 5 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
“өзүм эле бүт таблицаларды алмакмын деп” каерден жазгансыз ? Сизге керетүү калыптарды өзүңүз түзүшүңүз керек ! Эч ким сиз үчүн бирдеме кылып бербейт. Эгерде макалаңыз талаптарга жооп бербесе өчүрүлөт ! Макаланы тариздегени билбесеңиз таблицаларыңыз өчүрүлөт.
Калыптарымды колдонуучу барагымда тапсаңыз болот. Bosogo (баарлашуу) 07:16, 5 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
«Анан мен өзүм эле бүт Кыргыз википедиясынан жок кылып бермекмин», эгерде керектүү калып жок болсо, анда таблица (тизме) колдонуунун эмнеси жаман? Маалымат бирдей эле. Lauriswift911 (баарлашуу) 09:45, 5 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
@Lauriswift911 Дагы бир жолу жазып жатам. Калып бар ! Бул аргументтерди укпоо деп эсептесе болот. Эгерде булактарды кошпой, ж.б. кемчиликтер болсо тийиштүү чаралар көрүлөт. Bosogo (баарлашуу) 09:58, 11 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү

Translation request түзөтүү

Hello.

Can you create and upload the article Азербайжандын географиясы in Kyrgyz Wikipedia, by translating it from the well sourced article ru:География Азербайджана? It does not need to be long.

Yours sincerely, Multituberculata (баарлашуу) 06:04, 11 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү

I can create. Lauriswift911 (баарлашуу) 09:50, 11 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
Hello Bosogo,
Can you create this article?
Yours sincerely, Multituberculata (баарлашуу) 10:13, 13 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
@Multituberculata Hello. Sorry, but I won't be able to anytime soon. Bosogo (баарлашуу) 11:56, 13 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү
I understand. Thank you for the reply. Multituberculata (баарлашуу) 12:08, 13 февраль 2023 (UTC)Жооп берүү

Translation request түзөтүү

Hello.

Can you create the article ru:Лахер-Зе, which is the third most powerful volcano in Europe after Campi Flegrei and Santorini (as well as ru:География Азербайджана), in Kyrgyz Wikipedia sometime in 2023?

Yours sincerely, Multituberculata (баарлашуу) 11:32, 24 июнь 2023 (UTC)Жооп берүү

Калыптар (Шаблоны) түзөтүү

Добрый день.

Можете ли подсказать как создавать шаблоны или их переводить на кыргызский язык.

Сейчас при создании через код, выдает ошибку "Калыпта илмек бар" суть не могу понять, код полностью соответствует правилам и код тоже правильный. Artelow (баарлашуу) 13:05, 25 июль 2023 (UTC)Жооп берүү

Movement Charter Drafting Committee's monthly newsletter: August 2023 түзөтүү

Updates

  • Community consultation: The community consultation on the Global Council, Hubs, and the Glossary drafts is ongoing. We value your input, if you have not already, please take a moment to review the draft chapters and share your thoughts with the MCDC. We’ve posed open questions we would like your opinion on. Feel free to engage in a way that is most comfortable for you and your community. Learn more on our Diff blogs about the Global Council and Hubs.
  • Launch Party: On July 30 we hosted a Launch Party to share the Global Council and Hubs draft chapters. It was an inspiring event where we had the opportunity to listen to your feedback and address some of your questions. If you missed it, you can catch the recording on YouTube.
  • Community Conversations: We want to hear from as many people as possible. On July 16, the SWAN meeting opened its doors and offered an opportunity to interact with the MCDC members regarding the new drafts of the charter. Notes are available here. On July 28, a regional conversation with the Francophone community was held. Here comes a short summary here in English and French. Additionally, on August 2 we had a fruitful conversation with the LATAM region.
  • MCDC’s Work in July: As usual, the update includes information about the meetings held by the Committee in this month, as well as about the work that was completed and the ongoing work & discussions.

Upcoming

Subscribe to this newsletter on Meta-wiki

MCDC Support Team, 23:53, 14 август 2023 (UTC)

Бакша тилдер менен байланыштыруу түзөтүү

Жогорку баскычтагы улуттук домен деген аталыштагы баракчаны башка тилдер менен болгон байламтасын түзүп коюңузду суранам.

https://en.wikipedia.org/wiki/Country_code_top-level_domain бул барак менен байланыштырып койсоңуз болот.

Ыраазычылык билдирем. Artelow (баарлашуу) 10:21, 1 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

баскыч деген термин туура эмес болгондугуна байланыштуу аталышын өзгөртүм.
Тил комиссиясынын маалыматтына ылайык, азыр "Жогорку даражадагы улуттук домен" деген термин колдонулунат экен.
Мурунку кошулган маалыматтарды да оңдоп чыгам Artelow (баарлашуу) 08:27, 4 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
Бул термин азырынча талаш-тартыштарды жаратып жатат, тил комиссиясы кат менен кайрылдым. Жооп алгандан кийин оңдоо иштерин байштаймын.
Ыраазычылык билдирем. Artelow (баарлашуу) 09:04, 4 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Artelow Аталыш, .kg мейкиндигинин домен аталыштарын каттаган кызматтын сайтына таянып берилген: https://www.cctld.kg/kg/service-regulations. Тиги же бул түшүнүктүн расмий же расмий эместигин булакты келтирип далилдеңиз оң. Азырынча булакка ылайык мурдагы аталышты койгону аргасызмын.
Салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Bosogo (баарлашуу) 09:38, 4 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Bosogo Кыргыз тилчилер менен барлаштым жана расмий мамлекеттик документтердеги котормолор менен таанышып чыктым, эми кайрадан "деңгээл" деген термин менен оңдоп чыгайын.
Тынчыңыздын алганым үчүн кечирим сураймын. Artelow (баарлашуу) 11:22, 4 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Bosogo https://ky.wikipedia.org/wiki/Калып:Жогорку_деңгээлдеги_улуттук_домендердин_жадыбалы Саламатсызбы, ушул жадыбалды оңдоп түзөөгө жардам берип коюшуңузду суранамын.

Удаление статей о станциях и линиях Московского метро түзөтүү

Добрый день! Удовлетворите, пожалуйста, мое любопытство. Зачем вы удалили из Кыргызской википедии все статьи о станциях и линиях Московского метро?

Спасибо!
P.S. Я не являюсь участником этого проекта, поэтому прошу пингануть меня при ответе. Michgrig (баарлашуу) 13:06, 3 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Michgrig Саламатсызбы. Ал макалаларда булактар келтирилген эмес болчу, дагы бир себеп — грамматикалык каталар, машиналык котормо экени байкалып турат. Bosogo (баарлашуу) 12:03, 1 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Группа жөндө түзөтүү

Ассаламу Алейкум, мен сиз менен байланышкым келет жана сиз айткандай «Азыркы учурда Телеграмда тобубуз бар, туруктуу жамаат түзүлө баштады. Жамаатыбызга кошулсаңыз жакшы болмок.» деп группага кошулгум келет. Урматтоо менен Caggon (баарлашуу) 09:18, 11 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Кытайлык кыргыз жазуучулары түзөтүү

Эмне үчүн Кытайлык кыргыз жазуучулары тууралуу макалаларды тынбай өчүрүп жатасың? --Elebayev (баарлашуу) 07:58, 21 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Elebayev Булактар жок. Википедия:Негизги принциптер менен таанышып чыгыңыз. Bosogo (баарлашуу) 17:15, 23 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Bosogo Бирок, балким, сиз барактарды аябай бат өчүрөсүз. Биз алгач англисче викидегидей баракчалардын жогору жагына аларды өркүндөтүү керектиги жөнүндө эскертүү койсок болот. Азыр сиз Ыле-Казак Өзэркин Ооданы сыяктуу, көп жакшы макалаларды өчүрөсүз.--Elebayev (баарлашуу) 19:22, 23 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Elebayev Өнүккөн тил бөлүмдөрүнүн практикасы боюнча булактары жок барактар тез өчүрүүгө туура келет. Википедиянын маңызы ошондой — ишенимдүү булактарда чагылдырылган гана маалыматты жайгаштыруу. Буга байланыштуу булактары жок макала априори жакшы макала болуп эсептелбейт. Башынан ишенимдүү булактарды келтирип макала жазуу керек. Шашпаңыз. Барактарды жаратуу оңой, сиздей колдонуучулар көп, адегенде мунун баарын ким текшериши керек ? Тийиштүү деңгээлге ким жеткирет ? Википедиянын бирдейлигин ким камсыз кылат ? Ошондуктан, сан эмес сапат артыкчылыктуу. Bosogo (баарлашуу) 19:33, 23 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Просьба түзөтүү

Здравствуйте. К сожалению не владею киргизским языком. Просьба восстановить статьи Иван Охлобыстин и Оксана Охлобыстина и перенести в моё личное пространство для возможного дополнения. VolnyiLev (баарлашуу) 11:52, 1 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

@VolnyiLev Саламатсызбы. Колдонуучу:VolnyiLev/Оксана Охлобыстина, Колдонуучу:VolnyiLev/Иван Охлобыстин Bosogo (баарлашуу) 12:00, 1 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Жузумжан (Жүзүмжанга багыттама) түзөтүү

Bosogo мырза, арыбаңыз,
Жүзүмжан айылы кыргызча СОАТЕсинде Жузумжан деп жазылыптыр, ошондуктан айылдын так туура жазылышы тууралу күнөмүм бар. Журналда өчүрүлгөн Жузумжан багыттамасын кайра жазып койсок кантет? Kmaksat (баарлашуу) 04:44, 9 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Kmaksat бар болуңуз. Түшүнүктүү, кайтарылды. Bosogo (баарлашуу) 06:01, 9 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
Чоң рахмат. Kmaksat (баарлашуу) 08:26, 9 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
@Kmaksat 2015-жылдын 15-майындагы ПЖ № 91дин 608-пунктунда "Жүзүмжан айылы" деп жазылган. Жарлык — мыйзам алдындагы акт болгондуктан, айылдын аталышы такталса керек деген ой негизсиз эмес. Мам. классификатор болсо КР УСКнын басылмасы. Буга таянып айылдын аталышын оңдоо керек деген ойдомун. Кандай дейсиз ? Bosogo (баарлашуу) 09:39, 12 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
Туура, макулмун, рахмат, расмий жарлыкта көрсөтүлгөндөй Жүзүмжан дейли. Kmaksat (баарлашуу) 03:26, 13 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
Рахмат. Bosogo (баарлашуу) 09:04, 13 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Анклав түзөтүү

Анклав термини эмнегедир Аңкылап деп которулуптур.

Юридикалык, жалпы колдонууга берилген булактарда "Аңкылап" деген бир да которулуш таба алдабым.

Аңкылап дегендин мааниси такыр эле башка жана бул темада колдонууга болбойт.

Artelow (баарлашуу) 06:12, 6 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Artelow 2017-жылы бирөө ушунтип макаланын аталышын өзгөртүптүр. Оңдоп койдум. Bosogo (баарлашуу) 12:30, 8 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү
ыраазычылык билдирем Artelow (баарлашуу) 12:35, 8 ноябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Оскар түзөтүү

"Оскар" сыйлыктары ушул макаланы өчүрүүнү суранамын, себеби "Оскар" сыйлыгы аталышындагы көлөмдүүрөөк макала бар. Artelow (баарлашуу) 06:13, 5 декабрь 2023 (UTC)Жооп берүү

@Artelow Рахмат. Экө тең макалада булактар жок экен( Bosogo (баарлашуу) 13:25, 14 январь 2024 (UTC)Жооп берүү
Бирөөсүн, көлөмү азыраагын өчүрүп салыңыз, экинчисине булактарды кошуп толуктап коём Artelow (баарлашуу) 14:51, 14 январь 2024 (UTC)Жооп берүү

Индстан жарым аралы түзөтүү

Индстан жарым аралы - ушул макаланы да өчүрүүнү суранамын. Себеби Индустан деп аталган, башка тилдер менен байланышкан макала бар. Artelow (баарлашуу) 08:08, 11 декабрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Жөөтөр түзөтүү

Жөөтөр - ушул макаланы да өчүрүүнү суранамын. Башка макала бар жана, бул макалада шылдыңдоону камтыган да текстер бар экен Artelow (баарлашуу) 10:58, 11 декабрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Article merging / Объединение статей түзөтүү

Hi! I've noticed that the articles Өмүрзак уулу Кудайберген (Куйручук) and Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу) talk about the same person. I don't know Kyrgyz and can't merge them myself. It also looks like there is no page to nominate articles for merging or deletion in Kyrgyz Wikipedia. So I would like to ask you to do it if you have free time :-) Thank you in advance!

Здравствуйте! Я заметил, что статьи Өмүрзак уулу Кудайберген (Куйручук) и Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу) говорят об одном и том же человеке. Я не знаю кыргызского языка и не могу объедиить их. Также, кажется, в Кыргызской Википедии нет страницы для запросов на объединение или удаление статей. Поэтому я бы хотел попросить вас сделать это за меня, если у вас будет время :) Спасибо! Le Loy (баарлашуу) 01:29, 5 февраль 2024 (UTC)Жооп берүү

Сураныч түзөтүү

Эки вандал макалаларды өчүрүп салууга сураныч тайм: Википедия:Биринчи кадамдар жана Википедия:Макалага ат кою. Incall (баарлашуу) 11:20, 27 февраль 2024 (UTC)Жооп берүү

Бир макала боюнча түзөтүү

Салам алейкум, урм. БОСОГО!

Орозоң кабыл болсун!

Сизге бир сураныч менен кайрылып жатам. Орус Википедиясында "Узбеки в Киргизии" деген макаланы ондош керек. Макаланын башында бир провокатор (жүктөчүү "Карлук") "автохтонный" деп жазып салды. Бул эмне деген шумдук?!

Демек, ал провокатордун айтымында  өзбөктөр биздин жерибизде жергиликтүү калк, а кыргыздар болсо жергиликтүү эмес калк турбайбы... Это же оскорбление кыргызского народа! Өзбектер Орто Азияга кыргыздардан кийин келишкен. 15-16 кылымдарда. Өзбек деген түрк жана монгол уруулардан турган бирикме Волга менен Түштүк Уралдын ортосунда 15 кылымда түзүлгөн. Алар 15 кылымдын экинчи жарымынан баштап Орто Азиядагы Тимур мамлекетине кол сала баштаган. 15 кылымдын аягында көчмөн өзбектер Мавераннахр басып алышты. 16 кылымдын ортосунда Фергана өрөнүнө келишкен. 1897 жылы азыркы Кыргызстан жеринде импердик калк катоо натыйжасында "өзбек" деген эл жок болчу. Ишенбесеңер, текшерсеңер болот. 1924 жылы Совет өкмөтү 1924 жылы азыркы Кыргызстан жеринде жашаган сарттарды, кыпчактарды, карлуктарды, барластарды, курамаларды, тажиктерди, түрктөрдү, кашгарлыктарды, лөлүлөрдү ж.б. "өзбек" деп жаздырышты.

Ошондон бери Кыргызстанда өзбектер пайда болушкан.

Кыргыздар болсо Фергана өрөөнүндө 10-11 кылымда отурукташкан. Об этом даже есть упоминания в письменных арабских и персидских источниках.

В советское время ученные беспардонно приписывали архитектурно-исторические памятники караханидского периода (Бурана, Узбекский минарет и мавзолей, Таш-Рабат) к узбекскому национальному наследию. Карараханиды существовали в 10-12 веках, а узбеки пришли в Среднюю Азию в 15-16 веках.

Есть такие википедисты-провокаторы Дилдорбек и Nataev, которые стараются принизить все кыргызское. Причём сами они живут в Кыргызстане. Например Nataev в статье Исфана писал что Исфана это некыргызское название и, что данный узбекский город по недоразумению оказался в составе Киргизии. Но Исфана никогда не принадлежала Узбекистану, который появился лишь в 1924 году.

Дилдорбек выставил фото Бураны, Узгенского мавзолея, Таш-Рабата как наследие узбекский народа. Но потом мой друг их удалил.

Таких антикыргызских записей много. Однако русские админы не дают править оскорбительные для кыргызов статьи.

Сураныч: ал жазууну ("автохтонный" же "коренной") өчүрүп салгыла. Мен аны өзүм эле кылмакмын, а бирок орус расист админдери мени блоктоп салышкан. Элден (баарлашуу) 07:50, 11 март 2024 (UTC)Жооп берүү

@Элден Алейкум салам. Бирге болсун.
Кыргыз Википедиясында иш алып барганым үчүн бул маселе боюнча жардам бере албайм. Bosogo (баарлашуу) 18:55, 13 март 2024 (UTC)Жооп берүү

Текшерип коюңуз. түзөтүү

Саламатсызбы! "Манас Ниязов" деген макаланы да бир карап коёсузбу. Каталары бардай сезилди. Өмүр баяны бөлүмүндө, бир чыгарылышта (интервью) сүйлөнгөн сөздөрдү текст катары жазып койгондой. Baydastann (баарлашуу) 06:26, 23 март 2024 (UTC)Жооп берүү

  1. булак №1
  2. булак №2