Википедия:Администраторду шайлоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
97-сап:
Жогороду айтылган жана башка учурлардагы маселелерди чечүү үчүн администратор керек. Мурда макамды алганда (9 ай жалпысы) колдон келишинче дээрлик күн сайын Википедиябызга кирип ар бир түзөтүүнү текшерип чыкчумун, азыр да карап турам (талаш маселерибиз болгонуна карабастан бул жаатта @[[Колдонуучу:Абдырашит Сатылганов|Абдырашит Сатылгановду]] белгилеп кетким келет). Бирок, эми жалпылап алганда жамаат "өчүрүү" калыбын койгондон башка эч нерсе кыла албайт. Андай калып менен барактар мурдагыдай жылдарга созулуп тура берет.
 
Администратор башка колдонуучулар менен тең укуктуу. Эгерде иш-аракеттерим Кыргыз Википедиясына зыян алып келсе, каалаган убакытта каалаган википедиячы мени администратор макамымдан ажыратуу жөнүндө талкуу баштай алат. Кыргыз Википедиясына катышканым себеби кыргыз элиме жана тилиме пайда тийиши. Макамды да ушул гана максатта алганы жатам. Мен үчүн ар бир 3 же 6 ай сайын бирөөдөн макам алуу үчүн сурануу ыңгайсыз. Эми жамаатыбыздын аз жигердүүлүгүн эске алганда администраторду шайлоо кээ бир учурларда болбой калышы мүмкүн. Бул да факторду эске алганда долбоорубуз администратор гана кыла турган чараларды көрбөй калууда. Менимче бул терс көрүнүш. Анткени өз убагында баары оңдолуп турса жакшы.
 
2018-жылдан бери катышуумда чоң тажрыйба топтодум. Чоң жамааттуу Википедия кантип иштей турганын көрдүм. Мурдагы администраторлук иш-чараларым көрүлгөн практиканын алкагында болгон. 2013-жылдан бери өткөрүлбөгөн талкуулар өткөрүлдү. Администратордун дагы бир милдети талаш маселелерди чечүү. Албетте мен да идеалдуу эмесмин, бирок калыптанган практиканы эске алып иштөөгө убада берем.