“Алтын кыз” (драма): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "“Алтын Кыз” – драма; кыргыз драматургиясындагы көрүнүктүү чыгармалардын бири. Улуттук көрк..."
(Айырма жок)

25 июнь 2012, саат 11:57 учурдагы нуска

“Алтын Кыз” – драма; кыргыз драматургиясындагы көрүнүктүү чыгармалардын бири. Улуттук көркөм сөз өнөрүнүн жетишкендиги катары Ж. Бөкөнбаевдин бул драмасы кыргыз адабияты менен искусствосунун 1939-ж. Москвада өткөн декадасы учурунда чоң борбордун театр сахнасында коюлуп, орус көрүүчүлөрүнө тартууланган “Алтын Кыз” өз мезгилинин туундусу. Анын негизги конфликтин коомдук эки күчтүн – совет бийлигине, колхоз түзүлүшүнө жан-дили менен берилген эмгекчилер, алардын Чынар, Жапар, Кузнецов сыяктуу өкүлдөрү менен жаңы түзүлүштүн каршылары – басмачылардын ортосундагы күрөш түзөт. “Алтын кызга” сахналуулук (сценичность) мүнөздүү. Анда карама-каршылыктын курч берилиши музыкалык драманын талабына ылайык ыр, бий, оюн, хор басымдуу. Сюжеттин курулушу да кызыктуу. Ал өз ичине авантюралык белгилерди да камтыйт. Буларга кошумча драманын тексти кооз, чечен речитативдерге, көтөрүңкү тирадаларга, аллитерацияга карк ыр саптарга, шурудай тизилген сулуу уйкаштарга, жорго сөздөргө, макал-ылакаптарга, куюлушкан фразеологизмдерге толгон. Сюжеттин борборунда турган алтын кыз – Чынардын образы революциянын, жаңы коомдук түзүлүштүн кыргыздын байыркы жеринде кандай саясий, рухий-нравалык натыйжаны жараткандыгын айгинелеп турат. Чынар совет бийлигинин тушунда тарбияланып өскөн кыз. Ал жаңы түзүлүштү, өзүнүн советтик мекенин чын жүрөгү менен сүйөт, партиянын ишинин акыйкаттыгына, колхоздун элге бактылуу турмуш берерине бекем ишенет. Өзүнүн бараткан жолунун тууралыгына кылчалык шек санабайт. Чынардын образы кыргыз адабиятына совет доордун жаңы кызынын жалпыланган бейнеси катары кирген. Өз мезгилинде “Алтын кыз” кыргыз көрүүчүлөрүнүн арасында чоң кызыгууну жаратып, популярдуулукка ээ болгон.

Колдонгон адабият:

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994