Жыныс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жыныс'''. Көпчүлүк организмдер бири биринен эркек жана ургаачы жыныста болушу мене..."
(Айырма жок)

23 июль 2012, саат 06:44 учурдагы нуска

Жыныс. Көпчүлүк организмдер бири биринен эркек жана ургаачы жыныста болушу менен айырмаланат. Мындай айырмалоо түрдүү Жаратылыштагы организмдердин көбөйүү процессине катышуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Эркек жана ургаачы жыныстагы организмдер атайын жыныс клеткаларын (сперматозоид жана энелик клетка) иштеп чыгарат. Уруктануу учурунда алар кошулуп, жаңы организм пайда болот. Организмдин жеке өөрчүүсүндө сырткы жыныс белгилер: дене формасы, түсү (жаныбарда), түктөнүшү, үнү, жыныс органдары жана психофизиологиялык. өзгөчөлүгү калыптанат. Цитогенетикалык (цитология, генетика) изилдөө Жыныстын генетикалык негизин иштеп чыкты. Айрым жыныстагы организмдердин клеткасында хромосомалар жыйындысы ар түрдүү экендиги далилденди. Эки жыныстагы организмге тиешелү окшош хромосомалардан (аутосома) башка ургаачы же эркек организмге гана тиешелүү хромосомалар да бар. Мындай хромосомалар (X — жана У-хромосомалар) жыныс хромосомалары деп аталат. Аялдын бардык энелик клеткасында бирден X — хромосома, ал эми эркектин сперматозоидинин жарымы X — хромосома, жарымында У — хромосома болот. Эгерде уруктануу процессинде энелик клетка X — хромосомалуу сперматозоид менен кошулса эркек туулат. Эмбриондук клеткасында У — хромосомаларынын болушу жаңы организмдин эркек экенин далилдейт. Эркек жана ургаачы организмдин дене клеткалары хромосома жыйындысы боюнча гана айырмаланбастан, алардын ядросунда жыныс хроматини деп аталган өзгөчө заттын болушу же жоктугу менен да айырмаланат. Эркектин клеткасынын ядросунда (90—95%те) жыныс хроматини болбойт, аялдын клеткасында бир жыныс хроматини бар. Бул айырмачылык эркек жана ургаачы организм экенин далилдөөдө негизги көрсөткүч болуп эсептелип, сот медицинасында кеңири колдонулат. Түйүлдүктүн өөрчүшүнүн алгачкы мезгилинде жыныс бези (гонаддар) нейтралдуу болуп, урук бези же энелик безинин белгилери болбойт. Алгачкы гонада кыртыш жана мээ катмарынан турат. У-хромосомалуу эмбриондун (УХ-хромосомалуу жыйынды) өөрчүү процессинде кыртыш катмары дегенерацияланып, мээ катмарынан урук бези өөрчүйт; ал эми ургаачыларда (XXхромосомалуу) мээ кыртышы дегенерацияланат, кыртыш катмарынан энелик бези өөрчүйт. Калыптанган организмде жыныс гормондорунун иштелип чыгышына таасир этүүчү чөйрөнүн шарттары жыныс белгилеринин өзгөрүүсүнө алып келет. Мындай бир жыныска таандык организмде экинчи жыныска таандык белгилердин болушу да мүмкүн, к. Жыныс органдары.


Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8