Жыныстык тарбия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жыныстык тарбия''' — балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга жыныс маселесин ..."
(Айырма жок)

23 июль 2012, саат 07:15 учурдагы нуска

Жыныстык тарбия — балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга жыныс маселесин туура түшүндүрүүгө багытталган медициналык жана педагогикалык чаралар системасы. Жыныстык тарбиянын милдети — жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптан өсүүсүнө, төрөткө жарамдуулукка, сексологиялык билимдүүлүккө, нике жана үй-бүлөнү чыңдоого көмөктөшүү. Жыныстык тарбияны балдар жыныстык жактан жетилгенде гана баштабастан, кээ бир маселелерин бала чактан эле баштоо зарыл. Жыныстык тарбия өспүрүмдөрдү жыныс жана жыныстык турмуштун анатомия-физиологиялык, сексологиялык, гигиена жана башка жактары менен тааныштырган жыныстык маалымдоодон (агартуу) айырмаланат. Кийинки жылдарда кишинин анатомиясы жана физиология курсу (8-класстын) жыныстык өөрчүү жана жыныс гигиенасы менен толукталып, 9-класска «Үй-бүлө турмушунун этика жана психологиясы» деген предмет киргизилген. Адатта өспүрүмдөргө «керексиз нерсени» эрте айтып коёбуз деп чочулап, маалыматтар учкай айтылып, кээде кечигип да калат. Мектеп жашына чейинки балдарды денесин таза кармоого жана жүрүштуруштун эң жөнөкөй эрежелерине үйрөтүү керек. Эрогендик зооналарды (к. Жыныстык турмуш) дүүлүктүрбөө үчүн кийим ыңгайлуу, кенен болуп, мите ооруларын алдын алуу зарыл. Балдарды үйдө жана мектепте такай алына жараша иш менен алагды кылуу да зор роль ойнойт. Балдар 2—Зкө келгенде кайсы жыныска таандык экенин билип калат. Айлана-чөйрөнү тааныпбилүү менен бирге жыныс маселесине кызыгуу башталат. Ошондо ата-эне баланын суроолоруна ар нерсени ойлоп таап, жомоктонтуп же өтө майда-чүйдөсүнө чейин терип айтпай, жөнөкөй, түшүнүктүү жооп берсе болот. Мисалы, баланын «кайдан келдим же ким төрөгөн» деген сыяктуу суроолоруна эне «сен менин ичимде чоңойгонсуң, сени төрөт үйүндө төрөгөм» деп жооп берсе, балада төрөлүүнү түшүнүү менен энени сыйлоо сезими пайда болот. Кенже класстын балдарын тарбиялоодо алардын жашынын физиологиялык, психол. өзгөчөлүктөрүн эске алып, балдар менен кыздарда уялуу, токтоолук, өз ара жардамдашуу сапаттарын калыптандыруу зарыл. Өспүрүм чакта (кыздар 12—14төн, балдар 13—15тен) балдардын ички дүйнөсү байып, эндокрин бездеринин (өзгөчө жыныс безинин) функциясы күчөп, жыныстык кызыгуу башталат. Бул кезде кыздарга этек кир циклинин, балдарга поллюциянын пайда болушун, анын закон ченемдүү көрүнүш экенин, ошондой эле гигиенасын түшүндүрүп, өспүрүмдөрдү жыныстык сезимдин эрте ойгонушунан сактоо керек. Мында үй-бүлөнүн, мектептин, айлана чөйрөнүн ролу зор, онанизм болтурбоого аракеттенүү зарыл. Жыныстык сезимдин эрте пайда болушунун алдын алуу — жыныстык сезимди өчүрүү дегендик эмес, ал өспүрүмдөрдү сезимди туура башкара билүүгө, ар кыл тескери көрүнүштөрдөн алыс болууга тарбиялоо. Ошондуктан жогорку класстын өспүрүмдөрүн, мектепти бүткөн балдар, кыздарга Жыныстык тарбиянын гигиеналык, физиологиялык негиздерин, никенин моралдык-этикалык маселелерин, ошондой эле жыныстардын өз ара мамилесин түшүңдүрүү болуп эсептелет. Бул мезгилде кыздар бирөөгө жагуу аракетинде болсо, балдар кыздарга көз сала баштайт. Ушундай шартта режимди туура уюштуруу, бири-бирине туура мамиле жасоону тарбиялоо жаштарды жыныс маселесине кызыгуудан алагды кылат. Мында кыздар менен балдар ортосундагы достук мамилеге тыюу салып, чочулоо да, көңүл бурбай, кийлигишпей коюу да жарабайт. Ал мамилени ыйык сактап, адепсиздикке барбоого, эркек балдарды сабырдуулукка, кызды терең урматтоого, кыздарды «кыз абийирин», «кыздын ыйык атын» сактоого тарбиялоо керек.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8