Жереми Ли Реннер (англ. Jeremy Renner; 1971-жылы, 7-январда туулган) - америкалык актер жана ырчы. 2000-жылдар боюнча ал негизинен "Дамер"(анг. Dahmer, 2002) жана "Нео Нед" (анг. Neo Ned, 2005) сыяктуу көз-карандысыз тасмаларда тартылган. Ошондой эле "Атайын куралдар жана ыкмалар" (анг. S.W.A.T., 2003) жана "28 аптадан кийин"(анг. 28 Weeks Later, 2007) сыяктуу чоң тасмаларда экинчи пландагы каармандын ролун аткарган. Ал эми "Шаарча"(анг. The Town, 2010) тасмасынан кийин чоң алкышка ээ болуп, "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты аткер" наамына көрсөтүлгөн.

Реннер "Оору кутусу" (анг. The Hurt Locker, 2008) тасмасындагы ролу менен атактуулукка жеткен жана ал үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал "Marvel Cinematic Universe" тасмаларынын бири "Тор" (Thor, 2011) тасмасында Хоукинин ролун аткаргандыгы менен, "Marvel" студиясынын "Өч алуучулар" (анг. Avengers, 2012), "Өч алгычтар: Алтрон доору"(анг. Avengers: Age of Ultron, 2015) жана "Капитан Америка: Жарандык согуш" (анг. Captain America: Civil War, 2016) тасмаларындагы ролдору менен да белгилүү. Ал ошондой эле ийгилик жараткан- "Миссия: Аткарылгыс- Арбак протоколу"(анг. Mission: Impossible- Ghost Protocol,2011), "Борндун мурасы" (анг. The Bourne Legacy, 2012), "Хансел жана Гретел: Жезкемпирди издөөчүлөр"(анг. Hansel and Gretel: Witch Hunters, 2013), "Америкалык афера" (анг. American Hustle, 2013), "Миссия: Аткарылгыс- Шылуундар эли" (анг. Mission: Impossible- Rogue Nation, 2015) жана "Кайтып келүү" (анг. Arrival, 2016) сыяктуу тасмаларда да тартылган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү